05

Декабрь

2019

Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов: «Манас» аэропортун модернизациялоо туризмди өнүктүрүүнүн маанилүү компоненти

«Манас» аэропортун модернизациялоо туризмди өнүктүрүүнүн маанилүү компоненти. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри Кубатбек Боронов «Манас» эл аралык аэропортунда жаңы стерилдик зонанын ачылыш салтанатында айтты.

Кубатбек Боронов өз сөзүндө белгилегендей, «Манас» эл аралык аэропортунда жаңы стерилдик зонанын ачылышы «Манас» аэровокзалдык комплексинин эл аралык учуулар зонасын кайра тармакташтыруу жана кеңейтүү» долбоорун үзүрлүү ишке ашыруу натыйжаларынын бири.

«Азыркы тапта «Манас» эл аралык аэропорту» акционердик коомунун жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн күч-аракеттери менен «Манас» аэровокзалдык комплексин кеңейтүү, реконструкциялоо жана модернизациялоо, инфраструктурасын жакшыртуу, атайын техника жана учактарды тейлеген жабдуулардын паркын жакшыртуу иштери жүрүп жатат. Бул иштер аэровокзалдын өткөрүү жөндөмдүүлүгүн арттыруу жана жүргүнчүлөр үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү, ошондой эле Жарандык авиация эл аралык уюмунун талаптарын сактоо максатында аткарылууда», - деди ал. 

Кубатбек Боронов баса көрсөткөндөй, жаңы стерилдик зона Кыргыз Республикасында «аба эркиндигинин   бешинчи даражасы» саясатын ишке ашыруунун алкагында ачылды.

«Аба эркиндигинин  бешинчи даражасын» колдонуу түз, ошондой эле транзиттик каттамдардын санын көбөйтүп, жүргүнчүлөрдүн агымын өстүрүп, маршруттук түйүндү кеңейтет. Бул өлкөнүн туристтик потенциалын өнүктүрүү үчүн жагымдуу шарттарды түзөт», - деп ырастады биринчи вице-премьер-министр.

Белгилей кетсек, долбоор 2016-жылы жалданма компания тарабынан иштелип чыккан жана «Манас» эл аралык аэропорту» ААКнын өз күчү жана каражаттары менен жасалды. Жаңы стерилдик зонада учуу алдында жүргүнчүлөр үчүн ыңгайлуу шарттар түзүлгөн. Эми стерилдик зонада эки эне жана бала бөлмөсү иштеп, ошондой эле ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар үчүн өзүнчө санитардык түйүн жабдылган.