01

Июнь

2020

Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов Баткен облусундагы чектеш айылдардын чатак учурунда жабыркаган жарандарынан кабар алды

Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри Кубатбек Боронов Баткен облусунун Кадамжай районундагы чектеш айылдардын чатак учурунда жабыркаган жарандарынан кабар алды. 

Учурда алар Айдаркен шаарынын ооруканасында дарыланып жатышат. 

Кубатбек Бороновго жарандардын саламаттыгы жана дарылануулары тууралуу айтып беришти.

Биринчи вице-премьер-министр жабыркаган жарандардын тийиштүү дарылануусун жана аларды зарыл болгон дары-дармек менен камсыздоонун маанилүүлүгүн белгиледи.