25

Январь

2019

Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов: Отун-энергетикалык комплексинин ишканалары керектөөчүлөрдү электр энергиясы жана жылуулук менен мындан ары карай үзгүлтүксүз камсыздоону улантыш

Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри Кубатбек Боронов өлкөнүн экономика тармактарын жана калкын 2018/2019-жылкы күз-кыш мезгилине даярдоо боюнча Республикалык штабдын кеңешмесин өткөрдү.

Кубатбек Боронов белгилегендей, энергия жабдууларын ремонттоонун, керектүү өлчөмдө көмүр ташып келүүнүн жана Токтогул суу сактагычына сууну топтоонун натыйжасында энергетикалык система тарабынан жүргүзүлүүчү жылытуу мезгили бүгүнкү күнгө карата туруктуу өтүүдө.

«2019-жылдын 1-январына карата Токтогул суу сактагычындагы суунун белгиси – 890,23 м, көлөмү – 16,7 млрд. м3 болду. Токтогул суу сактагычында суу-энергетикалык ресурстарын рационалдуу колдонуу максатында Өкмөттүн өз учурунда көргөн чаралардын натыйжасында 2018-жылы биз 752,5 млн. кВтс көлөмүндө электр энергиясын экспорттой алдык. Бишкек шаарынын ЖЭБинин иштөөсүн турукташтыруудагы маанилүү кадамдардын бири долбоордук кубаттуулугу саатына 144 куб метр болгон жаңы химиялык суу тазалоо цехинин курулушун аяктоо болуп эсептелет», - деп белгиледи биринчи вице-премьер-министр.

Буга катар ал билдигендей, Бишкек шаарынын ЖЭБинде көмүр даярдоо Өкмөттүн тапшырмасына ылайык ишке ашырылууда. 2019-жылдын 17-январына карата Бишкек шаарынын ЖЭБине баардыгы – 754,515 миң тонна көмүр жеткирилген. Ошол эле учурда Бишкек жана Ош шаарларынын ЖЭБдерине отун мазуту жетиштүү жеткирилген жок.

Буга байланыштуу тийиштүү уюмдарга импорттолгон жана жергиликтүү көмүрдү, ошондой эле отун мазутун бекитилген графикке ылайык өз учурунда жана толук көлөмдө жеткирүү жана өлкөнүн керектөөчүлөрүнө электр энергиясын үзгүлтүксүз берүүнү улантуу иши тапшырылды.

Мындан тышкары, Кубатбек Боронов белгилегендей, 2018-жылы бөлүштүрүүчү энергия компаниялар боюнча иштин жыйынтыгында электр энергиясын керектөөнүн лимиттеринен иш жүзүндө ашып кетүү 143,3 млн кВтс түздү.

Керектөөнүн лимитинен ашуу Бишкек жана Ош шаарларында, Ысык-Көл жана Нарын облусун кошпогондо баардык облустарда байкалды.

Буга катар бөлүштүрүүчү энергиялык компаниялардын дебитордук карызы төмөндөдү.

Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин маалыматы боюнча, электроэнергиясынын жоготуулары бөлүштүрүүчү электр компаниялары (РЭК) боюнча жалпысынан 2018-жылдын январь-декабрь айлары үчүн 12,7 % (1 543,9 млн кВтч) түздү. Бул учурдагы тапшырмадан 0,2%га жогору. «Түндүкэлектр» ААКынан тышкары (ченемге ылайык 12,4%), бардык бөлүштүрүүчү электр компаниялары жоготуулардын ченеминен ашып кеткен.

«Жетекчилерге айтып кетүүчү нерсе: электр энергиясынын жоготууларын төмөндөтүү боюнча тапшырмага, анын ичинде электр энергиясын керектөөнү контролдоонун автоматташтырылган системасы менен эсептегичтерди орнотуу боюнча маселеге – АСКУЭге өзгөчө көңүл буруу зарыл. Акыркы мезгилде бөлүштүрүүчү электр компаниялары бул багытта такыр эле иш алып барбайт», - деп эскертти биинчи вице-премьер-министр.

Кеңешменин жүрүшүндө Кубатбек Боронов белгилегендей, өлкөдө көмүр камдоо боюнча абал жакшы..

Атап айтканда, 2018-жылдын 17-январына карата бюджеттик керектөөчүлөргө көмүр камдоо планы 91,53%, эл үчүн көмүр камдоо боюнча учурдагы план 102,12% аткарылган. Баардыгы болуп республика боюнча элге көмүр сатуучу 840 отун база жана көчмө пункттар ачылган, бул өткөн жылга салыштырганда 184 отун базага көбүрөөк.

«Жылытуу мезгили толук аяктаганга чейин эки ай бар. Отун-энергетика комплексинин ишканалары керектөөчүлөргө электр энергияны жана жылуулукту мындан ары да үзгүлтүксүз бериши керек. Мамлекеттик администрациялардын башчылары, шаарлардын мэрлери, мекемелердин жетекчилери терс жагдайлар болуп кетпеши үчүн жылытуу мезгилинен чыгуудагы абалды күн сайын контролдоп, жөнгө салып турушу зарыл. Жылдын жыйынтыгында жана күзгү-кышкы мезгилден чыгуунун жыйынтыгы боюнча Өкмөттүн берген тапшырмаларын аткара албаган жетекчилерге карата Өкмөттөн тийиштүү чара колдонуларын эскертип кетем», - деп кошумчалады биринчи вице-премьер-министр.

Жыйынтыгында Кубатбек Боронов бир катар тийиштүү тапшырмаларды берди. Атап айтканда, Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитети «Улуттук энергетикалык холдинг компаниясы» ААК менен биргеликте республика аймагында АСКУЭ өндүрүшүн уюштуруу боюнча маселени чечүүнү тездетүүсү тапшырылды.

Кыргыз Республикасынын

Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү