06
Февраль
Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри Кубатбек Боронов Чүй облусунун ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн коллегиялык жыйынына катышты

Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри Кубатбек Боронов Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн коллегиялык жыйынына катышты.
Жыйындын жүрүшүндө аймактын 2018-жылкы социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыктары жана 2019-жылга артыкчылыктуу милдеттери тууралуу маалымат берилди.
Өз сөзүндө биринчи вице-премьер-министр белгилегендей, аймактарды өнүктүрүү боюнча процесс 2018-жыл менен чектелген эмес. Үстүбүздөгү жылы аталган иш улантылат, анткени, 2019-жыл Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыгы менен Аймактарды өнүктүрүү жана өлкөнү санарииптештирүү жылы катары жарыяланган.
«Аймактарды туруктуу өенүктүрүү үчүн шарттарды түзүү- Өкмөттүн жакынкы жылдарга карата ишинин артыкчылыктуу багыттарынын бири. Чүй облусу аймактар арасында дээрлик бардык тармактар боюнча алдыңкы орунда турат. Бирок бардык эле райондордо жогорку социалдык-экономикалык көрсөткүчтөр орун алган эмес. Облустагы жетишкендиктер менен биргеликте тийиштүү чечимдерди талап кылган маселелер да бар, мисалга, мында өз ишин токтоткон ишканаларды айтсак болот. Ошондой эле саламаттыкты сактоо жана билим берүү тармактарында кемчиликтер орун алган, бул жаатта да ишти күчтөндүрүү зарыл», – деди Кубатбек Боронов.
Кеңешменин жүрүшүндө белгиленгендей, Чүй облусунда 2019-жыл жыйынтыгы боюнча ишкерлердин көмөктөшүүсү аркылуу 4,1 млрд сомдук каражатка 178 ишкана ачылып, 1307 жаңы жумушчу орду түзүлгөн.
Биринчи вице-премьер-министр айыл чарба, турак-жайды милдеттүү түрдө камсыздандыруу маселесине өзгөчө көңүл бурду.
«Турак-жайды өрттөн жана башка кырсыктардын түрүнөн милдеттүү түрдө камсыздандыруу, анын ичинде калк арасында камсыздандыруунун маанилүүлүгү жөнүндө түшүндүрүү иштерин жүргүзүү маселесине басым жасоо зарыл», - деди ал.
Мындан тышкары, Кубатбек Боронов өлкө үчүн маанилүү саналган «Коопсуз шаар» долбоорунун биринчи этабын ишке ашырууга басым жасады, мында тийиштүү мамлекеттик органдар долбоорду ишке киргизүүгө тыкыр даярдык көрүлүшү үчүн бардык тийиштүү чараларды кабыл алуусу тийиш.
Аймактын 2018-жылкы социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыктары тууралуу маалыматты уккан соң, биринчи вице-премьер-министр 20 таяныч шаар түйүндөрүн өнүктүрүү Программасын ишке ашыруу жаатындагы ишти активдештирүүнү тапшырды, анткени, ал экономикалык багыттагы реформалардын негизи болуп саналат.
«Буга катар негизги көңүл «Түндүк» электрондук тутумуна, санариптештирүүгө бурулат. Биз муну бардык айыл өкмөттөрүнө жеткирүүбүз зарыл. «Түндүк» тутуму мамлекеттик органдарга, муниципалдык ведомстволорго, жана башка уюмдарга, жарандардан маалымдама сурабастан, түздөн-түз маалымат алмашуу мүмкүндүгүн берет. Иш жүзүндө мамлекеттик электрондук башкаруу инфраструктурасы түзүлөт», - деп жыйынтыктады биринчи вице-премьер-министр.
[su_carousel source="media: 128983,128984,128985,128986,128987,128988,128989,128990" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 124252,124253,124254" link="attachment" title="no"]Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Алтынай Өмүрбекова Жалал-Абад жана Ош облусуна жумушчу сапары менен барды. Алтынай Өмүрбекова бир катар социалдык объектилердин иши менен таанышып, Ош облусунун Кара-Суу районунун Кызыл-Ордо айылындагы орто мектептин, ошондой эле Өзгөн шаарындагы Таштак аймагындагы балдар бакчасынын ачылышына катышты. Вице-премьер-министр баса белгилегендей, Өкмөт аймактарды өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурат жана социалдык объектилерди куруу жана оңдоо иштерин улантууга ниеттенүүдө. Ал ырастагандай, Кыргыз Республикасынын Президенти С.Ш.Жээнбеков тарабынан Аймактарды өнүктүрүү жылы катары жарыялоонун алкагында кошумча жумуш орундарын түзгөн аймактарды социалдык-экономикалык өнүктүрүүгө кластердик мамилени киргизүү [/su_carousel]
Кыргыз Республикасынын
Өкмөтүнүн Аппаратынын
маалыматтык камсыздоо бөлүмү