27

Август

2019

Кыргызстандын биринчи вице-премьер-министри Кубатбек Боронов Латвиянын Премьер-министри Артурс Кришьянис Кариньш менен жолугушту

Биринчи вице-премьер-министри Кубатбек Боронов башында турган Кыргыз Республикасынын делегациясы Латвия Республикасынын Премьер-министри Артурс Кришьянис Кариньш менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө жергиликтүү өз алдынча башкарууну реформалоого, административдик-аймактык реформа жүргүзүүгө, өлкөнү санариптештирүүгө байланыштуу, ошондой эле эки өлкөнүн ортосундагы кызматташтыкты кеңейтүү жана күчтөндүрүүгө багытталган маселелер талкууланды.

Белгилей кетсек, сапардын алкагында Кыргыз Республикасынын делегациясы административдик-аймактык реформаны ишке ашыруу, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ачыктыгы жана отчеттуулугу, борбордук жана жергиликтүү бийлик органдарынын ыйгарым укуктары, алардын ортосунда иш-милдеттерин жана ыйгарым укуктарын ажыратуу, республикалык жана жергиликтүү бюджеттердин ортосунда салыктарды жана башка кирешелерди бөлүштүрүү, жергиликтүү жана борбордук бийлик органдарынын өз ара аракеттешүүсү чөйрөлөрүндөгү Эстония жана Латвиянын тажрыйбасын изилдешүүдө.

Кыргыз Республикасынын делегациясынын курамына Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары Канат Керезбеков, Акылбек Жапаров, Таабалды Тиллаев жана тармактык мамлекеттик органдардын өкүлдөрү кирген.