07
Ноябрь
Бүгүн, 6-ноябрда, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жыйынында жашы жете электер арасында мыйзам бузуулардын алдын алуу боюнча иш-чараларынын мерчеми талкууга коюлду.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Жантөрө Сатыбалдиев жашы жете электер арасында мыйзам бузуулардын алдын алуу боюнча иштер жеткиликсиз жүргүзүлүп жаткандыгын айтты.
“Бир дагы мамлекеттик орган, бир да жергиликтүү бийлик, же мектеп администрациясы окуучулардын коопсуздугун камсыздоо үчүн алдыга коюлган милдеттерин аткарбай келет. Акыркы жылдарда кылмыш иштеринин өсүү тенденциясы байкалууда, балдар арасында өз жанын өзү кыюу көбөйүүдө. Бир эле баланын өлүмү- бул катастрофа. Бүгүнкү күндө мектептерде тарбиялык да, түшүндүрүү да иштери жүргүзүлбөй жатат. Советтер Союзунун мезгилинде бир баланын өлүмү үчүн партиядан четтетилүүчү, а бизде эч ким жоопкерчиликти моюнуна алгысы келбейт”,- деди ал.
Бул маселени кароонун жыйынтыгы боюнча билим берүү жана илим министрине жана анын орун басарына, ички иштер министрине, Өкмөттүн облустардагы өкүлчүлүктөрүнө сөгүш жарыяланды, ал эми Бишкек жана Ош шаарларынын вице-мэрлеринин, билим берүү департаменттеринин башчыларынын ээлеген кызматтарына ылайык келүүсү каралмай болду.
Аны менен бирге, жашы жете электер арасында мыйзам бузуулардын алдын алуу боюнча иш-чараларынын мерчеми кайра иштеп чыгууга жөнөтүлдү.
Эске салсак, иштелип чыккан мерчемдин негизги максаты - Жашы жете электердин арасында мыйзам бузуулардын алдын алуу боюнча мамлекеттик система түзүү жана жаштарды адеп-ахлактык тарбиялоо, мекенчилдикке тарбиялоонун бирдиктүү тутумун түзүү болуп саналат.
КР Өкмөтүнүн Аппаратынын
Маалыматтык камсыздоо бөлүмү