12

Январь

2013

Кечээ, 11-январда, саат 19.36 Ош шаарынын ички иштер башкармалыгына  Д. аттуу жарандан Осмонов атындагы көчөдөгү “Жүз терек” кафесинин жанынан жарандарга куралчан кол салуу болгону билдирилгене.

Окуя болгон жерге Ош шаарынын, Ош облусунун Ички иштер башкармалыктарынын жетекчилери, өздүк жеке курамы, тармактык бөлүмдөрү, ошондой эле Ош шаары менен Ош облусунун прокуратура кызматкерлери барышкан.

Окуя болгон жерди иликтөөдө, аталган көчөдө жайгашкан үйүнө «Дэу Нексия» кызматтык унаасы менен кирип бараткан жеринде белгисиздер Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустары боюнча бандиттик, буюртма өлтүрүүлөр жана талап-тоноочулук боюнча бөлүм башчысы Шоноев Толкунбек Курманбековичти атып кетишкени белгилүү болду. Милициянын полковниги Т.Шоноев жараттардан улам окуя болгон жерден каза болгон.

Окуя болгон жер тиешелүү кызматтар тарабынан фото,видео тартуулар менен иликтенип, 5 гильза, “Боржоми” минералдык суусунун бош бөтөлкөсү, Шоноевке тиешелүү “Нокиа G5” уюлдук телефону, кандын үлгүлөрү жана манжалардын издери алынды.

Шоноевдин денесинде төштүн оң жагынан үч октун  жараты, сол жагынан бир октун жараты, моюндун сол жагында бир октун жараты бар экени аныкталган.

Ош шаардык ИИБнин жеке курамы тартылып, шаар тегерегине блокпосттор коюлган. Күбөлөрдүн көрсөтмөлөрү жана шектүүлөрдүн белгилери боюнча фотороботтор түзүлүп, бул кылмышка 20-30 жаш курактагы эки азиат улутундагы адам шектелүүдө.

Жыйналган материалдар Ош облустук Ички иштер башкармалыгында 2013-ж. 11.01. №9 каттоодон өткөрүлүп Ош облустук прокуратурасына  берилген жана КР Кылмыш кодексинин 97,340 статьялары боюнча кылмыш иши козголгон.

Сот-медициналык, сот-биологиялык жана сот-баллистикалык экспертизалар дайындалган. Сот-медициналык экспертизанын жүрүшүндө денеден 9 мм калибрдеги бир ок алынган, болжол менен ПМ тапанчасынын огу.

Ош облустук Ички иштер башкармалыгынын буйругу менен Ош облустук Ички иштер башкармалыгынын жана Кара-Суу райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлеринен тергөө-оперативдик тобу түзүлдү.

Кылмыш ишин көзөмөлдөө үчүн Ош облусуна Ички иштер министринин орун басары Б.Абакиров жана уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүнүн башкы башкармалыгынын борбордук аппаратынан 15 адам жөнөтүлдү.

Кылмыш КР Премьер-министринин көзөмөлүнө алынды жана тиешелүү буйруктар  КР Ички иштер министрине берилди.

КР Өкмөтүнүн Аппаратынын

                                                                                                                                                Маалыматтык саясат бөлүмү