11
Апрель
Бүгүн, 10-апрелде,Өкмөт Башчыларынын деңгээлиндеКыргыз-түрк сүйлөшүүлөрүнүн жыйынтыгы боюнча айрым эки тараптуу келишимдерге кол коюлду
Кол коюлган документтер:
1.1994-жылдын 14-октябрында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Түрк Республикасынын ортосундагы аба каттамдарын түзүү тууралуу макулдашууга өзгөртүү киргизүү тууралу Протокол.
Протоколго кыргыз тараптан Транспорт жана коммуникация министри Калыкбек Султанов, түрк тарабынан Түркиянын Тышкы иштер министри Ахмет Довутоглы кол коюшту.
2.Кыргыз Республикасы менен Түркия Республикасынын ортосундагы туризм тармагында кызматташуу боюнча Макулдашуу.
Макулдашууну кыргыз тараптан Маданият, маалымат жана туризм министри Султан Раев, Түркия тарабынан Маданият жана туризм министри Омер Челик кол коюшту.
3. Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги менен Түркия Республикасынын Премьер-министрине караштуу инвестицияны колдоо жана тартуу боюнча Агентствосунун ортосундагы өз ара түшүнүү Меморандуму.
Меморандумга кыргыз тараптан КР Экономика министри Темир Сариев, Түркия тараптан Турциянын экономика министри Зафер Чаглян кол коюшту.
4. Кыргыз Республикасынын жана Түркия Республикасынын ортосундагы токой чарбасы боюнча кызматташуу боюнча Макулдашуу.
Макулдашууну кыргыз тараптан Курчап турган чөйрөнү колдоо жана токой чарбачылыгы мамлекеттик агенттиктин директору Сабыржан Атаджанов, түрк тараптан Финансы министри Мехмет Шимшек кол коюшту.
Ошондой эле эки өлкөнүн башкы авиакомпанияларынын ортосунда кызматташуу тууралуу кол коюлду.
КР Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү