25

Сентябрь

2014

Өкмөттөгү министрлик кызматтарга талапкерлер боюнча

Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министри кызматына сунушталган эки талапкер боюнча жакынкы күндөрү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечими кабыл алынат. Коалициялык келишимге ылайык, Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министри кызматына тийиштүү фракциядан талапкердин сунушталышы күтүлүүдө. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн социалдык блогундагы калган ведомство жетекчилери жана министрлер өз ишмердүүлүгүн кадимкисиндей уланта беришет. КР Өкмөтүнүн Аппаратынын Маалыматтык камсыздоо бөлүмү