22
Май
Темир Сариевдин Кыргызстандын Премьер-министри кызматына дайындалышына байланыштуу Казакстан Премьер-министри Карим Масимовдун куттуктоосу
Темир Сариевдин Кыргызстандын Премьер-министри болуп дайындалышына байланыштуу Казакстан Премьер-министри Карим Масимов куттуктоо жөнөттү.
Карим Масимовдун куттуктоо катында айтылгандай, Темир Сариевдин жогорку кесипкөйлүгү жана активдүү ишмердүүлүгү мындан ары карай дагы Кыргызстандын өнүгүп-өсүүсүнө кызмат кылат.
Казакстан Республикасынын Премьер-министри Казакстан жана Кыргызстан Өкмөттөрүнүн өз-ара жемиштүү аракеттешүүсү достук мамилелердин чыңдалышына жана эки өлкө аралык өз-ара пайдалуу стратегиялык өнөктөштүктөн тереңдешине көмөк көрсөтөөрүнө ишеним билдирди.
КР Өкмөтүнүн Аппаратынын
Маалыматтык камсыздоо бөлүмү