01

Ноябрь

2014

Кыргыз Республикасынын почта тармагын тутумдуу реформалар күтүүдө

Бүгүн, 31-октябрда, Өкмөт жыйынында каралган маселелердин катарында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн “Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникация министрлигине караштуу «Кыргыз почтасы» мамлекеттик ишканасынын өнүгүүсүнүн негизги багыттарын бекитүү жөнүндө” токтом долбоору каралды.

Кыргыз Республикасынын почта тармагын өнүктүрүү боюнча чаралар тууралуу Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникациялар министринин орун басары Эрнис Мамырканов баяндама жасады. Ал өз сөзүндө «Кыргыз почтасы» мамлекеттик ишканасындагы түзүлгөн абал тууралуу маалымат берди.

Эрнис Мамырканов белгилегендей, учурда почта байланыш тармагында 12 оператор иш жүргүзүп, ички жана эл аралык почталык экспресс-жөнөтүүлөрдү кабыл алуу, ташуу жана жеткирүү боюнча иштер аткарылууда.

“Мамлекеттик оператор — «Кыргыз почтасы» почта байланыш тейлөөсүнүн бардык түрүн көрсөтө алат. Бүгүнкү күнгө карата экономикалык кыйынчылыктарга карабастан, «Кыргыз почтасы» мамлекеттик ишканасы негизинен пенсия жана жөлөкпулдарды төлөп берүү, калктан ар-кыл төлөмдөрдү кабыл алуу жана келишимдик негизде тейлөө көрсөтүү эсебинен күн көрүүдө, ал аркылуу колдогу ишканалар тармагын сактоого аракет кылууда. 2012-жылдан тарта дүң кирешелердин өсүү темпи мурунку жылдарга салыштырмалуу жайлагандыгы байкалууда. «Кыргыз почтасынын” финансы-экономикалык абалынын начарлашына негиз болгон факторлор катары 2011-жылдын 1-ноябрынан тартып пенсияларды таратуу боюнча кызмат көрсөтүү үчүн “комиссиондук” жыйымдардын өлчөмүн 1,7% дан 1,3% га чейин кыскартылышы жана 2011-жылдын 1-декабрынан тартып Кыргыз Республикасынын Социалдык өнүгүү министрлиги жөлөкпулдарды төлөө боюнча кызмат көрсөтүүсү үчүн 2,1% дан 1,3%га чейин төмөндөтүлүшү, ошондой эле киреше үчүн алынган салыктан тышкары,2011-жылдан азыркы учурга чейин таза кирешенин 50% мамлекеттик бюджетке багытталышы эсептелет. Ошентсе да 2013-жылы «Кыргыз почтасынын” мамбюджетке жана Соцфондго жалпы төлөмдөрүнүн суммасы 156,3 млн сомду түзгөн», — деди тармактык ведомство башчысынын орун басары.

Андан соң Эрнис Мамырканов 2013-2017-жылдар мезгилиндеги Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүнүн Улуттук стратегиясынын алкагындагы “Кыргыз почтасы” мамишкансын өнүктүрүүнүн негизги багыттары тууралуу айтып берди. Анда маркетингдик тутумду, менеджменттин сапаттуу тутумун киргизүү жана технологиялык базаны модернизациялоо жана почталык-сактык тутумду түзүү, корпоративдик башкаруунун заманбап принциптерин жана механизмдерин киргизүү жолу аркылуу «Кыргыз почтасы» мамлекеттик ишканасын акционерлештирүү боюнча чараларды өткөрүү иштери каралган. Транспорт жана коммуникация министри белгилегендей, «Кыргыз почтасы» мамлекеттик ишканасын өнүктүрүүнүн негизги багыттарын ийгиликтүү ишке ашыруу почталык-сактык тутумун өнүктүрүү үчүн заманбап материалдык-техникалык жана технологиялык базаны түзүүгө мүмкүндүк берип, ошондой эле мамлекеттик бюджетке түшүүчү финансылык каражаттын көлөмүнүн өсүүсүн камсыздайт.

Натыйжада, өнүктүрүүнүн негизги багыттарын ишке ашыруу республиканын бардык аймактарында көрсөтүлүүчү финансы кызматтарынын, анын ичинде “Кыргыз почтасы” мамишканасынын инфратүзүмү аркылуу микрокаржылоо жана накталай эмес төлөмдөрдү өнүктүрүү боюнча спектрин кеңейтет.

Өнүктүрүүнүн негизги багыттары аныктаган милдеттерди аткаруу, тиешелүү заманбап маалыматтык-коммуникациялык, программалык-техникалык каражаттарды жана технологияларды филиалдардын жана почта байланышынын бөлүмдөрүн «Кыргызпочтасы» ишканасынын финансылык мүмкүнчүлүктөрүн эсепке алуу менен өндүрүш процесстерине киргизүү жана модернизациялоого жараша аларды этап боюнча ишке ашырууну божомолдойт. Мындан тышкары, ишкананын финансы-экономикалык абалын жакшыртат жана мамлекеттин маанилүү социалдык-багытталган стратегиялык обьекти катары, мамлекеттик почта байланышын өнүктүрүү үчүн ченемдик укуктук негизди түзөт.

Баяндама угулган соң, КР Премьер-министри Жоомарт Оторбаев «Кыргызпочтасы» мамлекеттик ишканасын реформалоо жаатында өткөн жылы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясы менен “Кыргызпочтасы” ишканасынын филиалдар тармагы аркылуу финансылык тейлөөнү кеңейтүү” долбоорун ишке ашыруу максатында $5,55 млн бөлүү тууралуу келишимге кол коюлгандыгын белгиледи.

“2013-2017-жылдар мезгилиндеги Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясынын алкагында “Кыргыз почтасы” мамишканасын реформалоо жана анын базасында почталык-сактык тутумун түзүү каралган. Реформанын жана аталган долбоордун ишке ашырылышынан биз көп нерсени үмүт кылуудабыз», — деди Өкмөт башчы.

Кыргыз почтасы” мамишканасын реформалоо маселесинин жыйынтыгы боюнча КР Транспорт жана коммуникация министрлиги тарабынан киргизилген «Кыргыз почтасы» мамлекеттик ишканасынын өнүгүүсүнүн негизги багыттарын бекитүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтом долбоору бекитилди.

Маалымдама: Кыргыз почтасы” мамишканасын реформалоону ишке ашыруу максатында, Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясы тарабынан каржыланган “Кыргыз почтасы” мамишканасынын филиалдары аркылуу финансылык тейлөөнү өнүктүрүү” долбоору ишке ашырыла баштаган.

Долбоордо «Кыргызпочтасы» мамишканасынын 400 объектисин ыраатты менен модернизациялоо каралган, долбоордун башка компоненттерин баскыч-баскычы менен каржылоо 2018-жылга дейре жүргүзүлөт.

[su_carousel source="media: 44861,44862,44863,44864,44865" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 43934,43935,43936,43937,43938,43939,43940,43941,43942" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 43655,43656,43657,43658,43659,43660,43661,43662,43663,43664" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 42841,42842,42843,42844,42845,42846" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 42533,42526" link="post" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 42526,42533" link="attachment" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 42526" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 41895,41896,41897,41898,41899,41900,41901,41902,41903,41905" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 41466,41467,41468,41469,41470,41471" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_custom_gallery source="media: 33797,33796,33795"][/su_carousel]

КР Өкмөтүнүн Аппаратынын

Маалыматтык камсыздоо бөлүмү