28

Февраль

2012

Бүгүн, 28-февралда, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Өмүрбек Бабановдун төрагалыгынын астында Өкмөттүн жыйыны болуп өттү. Жыйындын күн тартибине төрт маселе коюлду: 1.    Өнүктүрүү институтун түзүү; 2.    Лицензиялык уруксат берүү системасын жөнөкөйлөштүрүү; 3.    Кыргыз Республикасынын Президентинин “2012-жылды үй-бүлө, тынчтык, ынтымак жана өз ара кечиримдүүлүк жылы” деп жарыяланышын ишке ашыруунун пландары; 4.    2012-2014 жылдарга Кыргыз Республикасынын мамлекеттик карызды башкаруунун орто мөөнөттүү стратегиясы. Өкмөт башчысы жыйынды ачып жатып, Өкмөт “100 күндүк” программанын аткарылышын бекитилген иш пландын алкагында жетишүүгө үлгүрүүдө деп билдирди. Күн тартибиндеги биринчи маселеге өтүп жатып, Өкмөт башчысы экономиканы көтөрүүдө финансылык каражаттардын тартыштыгын белгилеп кетти. “Бүгүнкү күндө капиталдык салымдар социалдык чөйрөгө багытталууда. Ошондуктан, экономиканы көтөрүүгө байланышкан механизмдер иштебей турат. Мына ушуга байланыштуу биз жаралган көйгөйлөрдү комплекстүү чечүүгө тийишпиз”, - деди Ө.Бабанов. Премьер-министр калкты турак жай менен камсыздоо, дыйкан фермерлерди заманбап айыл чарба техникасы менен камсыз кылуу, заманбап өнөр жай ишканаларын жана кайра иштетүүчү ишканаларды өнүктүрүү үчүн жетиштүү кредит берүү, ошондой эле улуттук жана инфраструктуралык ири долбоорлорду ишке ашыруу маселелерин комплекстүү чечүүнүн зарылдыгын  баса белгиледи. “Өнүктүрүү банкы мамлекет менен жеке сектордун өнөктөштүгүн жана инвестицияларды тартууда жагымдуу шарт түзөт. Бул маселелерди чечүүдөн сырткары Өнүктүрүү банкы өлкөбүздүн өнүгүү багытынын пайдубалын түзүп, калктын жашоо-шартын жакшыртуунун булагы болот. Ал эми уставдык капиталы 100 млн. АКШ доллар көлөмүндөгү кыргыз-казак инвестициялык банкын түзүү менен кредиттердин үстөктөрүн кыскартууга мүмкүнчүлүк пайда болот”, - деди Ө.Бабанов. Бул суроо боюнча КР экономика жана монополияга каршы саясат министри Темир Сариев доклад жасап, Мамлекеттик Өнүктүрүү Банкынын (МӨБ) түзүлүшүнүн Концепциясынын бет ачаарынын жасады. Негизинен МӨБ Өкмөттүн социалдык-экономикалык саясатын инвестиция тартуу менен улуттук ири долбоорлорду көп жылдык мөөнөттү камтыган эң төмөнкү үстөк аркылуу чыгууну көздөйт. Концепцияны иштөөдө өнүккөн өлкөлөрдүн тажрыйбасы эске алынган. Кызуу талкуудан соң долбоордун Мыйзамы жактырылып, КР Жогорку Кеңешинин кароосуна жөнөтүлдү.  

КР Аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү