12
Февраль
Бүгүн, 11-февралда, кыргыз Республикасынын Вице-премьер-министри Камила Талиева мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин маселелери жөнүндө жумушчу жыйын өткөрдү.
Жыйында мурда менчиктештирилген, профилдери өзгөртүлгөн мектепке чейинки билим берүүчү имараттарды кайра кайтаруу жана профили боюнча түз иштетүү маселелери талкууланды. Улуттук статистикалык комитеттин билдирүүсү боюнча учурда республикада 741 балдар бакчасы иштейт.
“Азыркы учурда өлкө боюнча балдар бакчасынын жетишсиздиги байкалат.бул маселени чечүү үчүн бардык мамлекеттик органдардын макулдашылган иш аракети керек”,- деп белгиледи К.Талиева.
Вице-премьер-министр жыйынды жыйынтыктоо менен министрликтерге, ведомстволорго, жана жергиликтүү бийликтерге мектепке чейинки мекемелер тууралуу жалпы чогултулган базаны түзүүгө жана менчиктештирилип кеткен бала бакчалар боюнча материалдарды топтоого тапшырма берди.
Жогорудагы маселе Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2013-жылдын 14-февралында болгон Өкмөттүк саатында каралганын белгилейбиз.
КР Өкмөтүнүн Аппаратынын
маалыматтык саясат бөлүмү