02
Октябрь
Вице-премьер-министр А.Маматалиевдин төрагалыгы астында ведомство аралык комиссиянын жыйыны болуп өттү
Бүгүн, 2-октябрда, Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Абдырахман Маматалиевдин төрагалыгы астында 2014-жылдын 11-июлундагы Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын чечимин ишке ашыруу боюнча ведомство аралык комиссиянын биринчи жыйыны болуп өттү.
Жыйын жүрүшүндө катчы шайланып, ведомство аралык комиссия ишинин Регламенти бекитилди.
Белгилесек, 2014-жылдын 11-июлунда Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы ачык соттук жыйында Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн Декреттеринин конституциялуулугун текшерүү жөнүндө ишти караган. Тактап айтканда, КР УӨ жер тилкелерин жана объектилерин улутташтыруу тууралуу айрым Декреттери компания жана жарандардын кайрылууларынын негизинде каралууда.
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы КР Өкмөтүнө Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн Декреттери боюнча белгилүү мөөнөттө талаш мамилени чечүүнү камсыздаган укуктук механизмдерди түзүүнү жана мыйзамдуу менчик ээлеринин мүлктүк укугун калыбына кетирүү мүмкүндүгүн кароону сунуштаган.
Натыйжада, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 4-сентябрындагы № 378-р буйругу аркылуу Комиссия түзүлүп, анын курамы бекитилген. Ведомство аралык комиссиянын уюштуруу, методологиялык жана башка ишмердүүлүгүн камсыздоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фондуна жүктөлгөн.
КР Өкмөтүнүн Аппаратынын
Маалыматтык камсыздоо бөлүмү