27
Октябрь
КР вице-премьер-министри А.Маматалиевдин төрагалыгы астында Адам укугу боюнча координациялык кеңештин кезектеги жыйыны өттү
Бүгүн, 27-октябрда, Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Абдырахман Маматалиевдин төрагалыгы астында Адам укугу боюнча координациялык кеңештин кезектеги жыйыны өттү.
Жыйында координациялык кеңештин мүчөлөрү БУУ Адам укугу боюнча кеңешине сунуштоо үчүн Кыргыз республикасынын Универсалдык мезгилдик обзор процедурасы боюнча Экинчи улуттук баяндамасынын долбоорун жактырышты.
Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз республикасынын Универсалдык мезгилдик обзор процедурасы боюнча Экинчи улуттук баяндамасын коргоо үчүн өкмөттүк делегациясын бекитүү жөнүндө буйрук долбоору талкууланып, жактырылды.
Эскертсек, баяндама Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 1-сентябрындагы № 369-буйругуна ылайык түзүлгөн ведомство аралык иштиктүү топ тарабынан дайындалган.
КР Өкмөтүнүн Аппаратынын
Маалыматтык камсыздоо бөлүмү