16

Июнь

2015

Бишкек шаары жана Циндао шаары аралык өз-ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга кол коюлду

Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Валерий Диль Кытай Элдик Республикасындагы иш сапары алкагында Циндао шаарынын партиялык комитетинин катчысы Ли Цюнь менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар аймак аралык кызматташуу маселесин, ошондой эле Кыргыз Республикасы жана Кытай Элдик Республикасы аралык соода-экономикалык байланыштын абалы жана келечегин талкуулады.

Жолугушуунун жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын борбору Бишкек шаары жана Кытай Элдик Республикасынын Циндао шаары аралык өз-ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга кол коюлду.

КР Өкмөтүнүн Аппаратынын

Маалыматтык камсыздоо бөлүмү