Бүгүн, 8-октябрда, Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлиги жана Корея республикасынын Кён Сан Бук провинциясынын Ён Чон шаары ортосунда Кыргызстандын Ысык-Көл облусунда айыл чарба жана мал чарбачылыкты өнүктүрүү жаатындагы кызматташуу жана өз-ара түшүнүшүү жөнүндөгү Меморандумуна кол коюлду.
Меморандумга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын Жетекчиси – министр Нурханбек Момуналиев жана Ён Чон шаарынын мэри Ким Ёнг Сок кол койгон.
Меморандумга ылайык, экономика, маданият, туризм, билим берүү, адамдык ресурстар менен алмашуу жаатындагы долбоорлорду ишке ашыруу каралууда. Өз-ара пайдалуу кызматташуунун негизги багыттары – дары-дармектерди жана кызыл мыя өсүмдүгүн өндүрүү жана кайра иштеп чыгуу болуп саналат.
“Айыл чарба, айыл чарба техникалары Ен Чон шаарында алдыңкылардан болуп эсептелет жана биз аталган долбоорду Түп районунун жана жалпы өлкөнүн экономикасына инвестициялоо жолу аркылуу ишке ашырууну каалайбыз. Мамлекеттик кызматкерлердин, жаштардын, жарандык уюмдардын тажрыйбасы менен алмашуу жолу аркылуу достук мамилени чыңдоо аталган келишимдин маанилүү бөлүгү болуп саналат»,- деп белгиледи мэр Ким Ёнг Сок.
Өз сөзүндө Нурханбек Момуналиев белгилегендей, Кыргыз Республикасында айыл чарбасы Кыргызстан жана Корея ортосундагы өз ара пайдалуу кызматташуунун негизги багыты катары саналат. «Кыргызстанда дары-дармек чөптөрүнүн көптөгөн түрлөрү өсөт, КР Өкмөтү Кореялык достордун сунушун жактыруу менен кабыл алды»,- деди Н.Момуналиев.
[su_carousel source="media: 43384,43385,43386,43387,43388,43389,43390,43392" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 42841,42842,42843,42844,42845,42846" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 42533,42526" link="post" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 42526,42533" link="attachment" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 42526" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 41895,41896,41897,41898,41899,41900,41901,41902,41903,41905" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 41466,41467,41468,41469,41470,41471" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_custom_gallery source="media: 33797,33796,33795"][/su_carousel]