12
Март
“Айыл чарбасын каржылоо - 3” долбоорун бекитүү жөнүндө Өкмөттүн токтомуна кол коюлду
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Джоомарт Оторбаев “Айыл чарбасын каржылоо - 3” долбоорун бекитүү жөнүндө Өкмөттүн токтомуна кол койду.
«Айыл чарбаны каржылоо - 3» долбоорунун (мындан ары – Долбоор) максаты республиканын айыл чарба өндүрүүчүлөрүнө 2015-жылдын жазгы-талаа жумуштарын өз убагында жүргүзүүгө мамлекеттик колдоо көрсөтүү, айыл чарба иши жана айыл чарба продукцияларын кайра иштетүү менен алектенген субъекттерди жеткиликтүү жана жеңилдетилген кредиттик каражаттар менен камсыздоо аркылуу мал чарбасын жана агрардык кайра иштетүү секторун, үрөнчүлүк жана асыл тукум чарбаларын, айыл чарба кооперативдерин андан ары өнүктүрүү болуп эсептелет.
Долбоордун алкагында өсүмдүк өстүрүүнү, мал чарбасын жана айыл чарба продукцияларын кайра иштетүүнү, үрөнчүлүк жана асыл тукум чарбаларын, айыл чарба кооперативдерин өнүктүрүү үчүн 2015-жылы коммерциялык банктардын жана адистештирилген финансылык-кредит мекемелеринин финансылык каражаттары айыл чарба өндүрүүчүлөрүнө жеңилдетилген пайыздык ставкалар боюнча берилет.
Максаттуу тармак | Өсүмдүк өстүрүүчүлүк, мал чарбачылык жана айыл чарба продукциясын кайра иштетүү, үрөнчүлүк жана асыл-тукум чарбалары, айыл чарба кооперативдери |
Акыркы проценттик ставка | Өсүмдүк өстүрүүчүлүк жана мал чарбачылык секторлор үчүн жылына 10%; айыл чарба продукциясын кайра иштетүү, үрөнчүлүк жана асыл-тукум чарбалары, айыл чарба кооперативдери үчүн жылына 9 % |
Кредиттин мөөнөтү | Кредит берилген күндөн баштап 24 ай |
Жеңилдетилген мезгил | Өсүмдүк өстүрүүчүлүк жана мал чарбачылык секторлорун карыздын негизги суммасы боюнча төгүмдөрдү төлөөөдөн 6 айга чейин толук бошотуу; айыл чарба продукциясын кайра иштетүү, ошондой эле үрөнчүлүк жана асыл-тукум чарбалары, айыл чарба кооперативдерин карыздын негизги суммасы боюнча төгүмдөрдү төлөөөдөн 9 айга чейин толук бошотуу |