09
Октябрь
Вице-премьер-министр Эльвира Сариева: «Биз илимди уюштуруу тутумун жаңылообуз керек»
Бүгүн, 9-октябрда, Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Эльвира Сариева КР Өкмөтүнүн илим тутумун реформалоо боюнча иштиктүү тобунун биринчи жыйынын өткөрдү.
Вице-премьер-министр белгилегендей, иштиктүү топ КР Өкмөтү тарабынан Кыргыз Республикасында илимди уюштуруу тутумун жаңылоо максатында түзүлгөн. Иштиктүү топ үч айлык мөөнөттө Кыргыз республикасындагы илимди уюштуруу тутумун реформалоо боюнча сунуштарды иштеп чыгып, андан соң Өкмөттүн кароосуна киргизиши керек. Талдоо жүргүзүлүп жана илимди өнүктүрүүнүн негизги багыттары аныкталган соң, илимди башкаруу, илимди ресурстук камсыздоо, кадрдык мүмкүндүктөрдү жогорулатуу жана илимдин натыйжалуулугу тутуму боюнча чечимдер кабыл алынат.
“Алдыда чоң иштер турат, иштиктүү топко Илимдер академиясынын, илим тармагына тийиштүү министрлик жана ведомстволор өкүлдөрү, ошондой эле илимий ишмерлер кирген. Иштиктүү топтун эксперттик топторду түзүү жана илимди өнүктүрүүгө кызыкдар жактардын тийиштүү бөлүгүн тартууга укугу бар», — деп белгиледи вице-премьер-министр.
[su_carousel source="media: 43475,43476,43477,43478" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 42841,42842,42843,42844,42845,42846" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 42533,42526" link="post" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 42526,42533" link="attachment" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 42526" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 41895,41896,41897,41898,41899,41900,41901,41902,41903,41905" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 41466,41467,41468,41469,41470,41471" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_custom_gallery source="media: 33797,33796,33795"][/su_carousel]
КР Өкмөтүнүн Аппаратынын
Маалыматтык камсыздоо бөлүмү