20
Февраль
2015
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Жеңишбек Разаков “Министр байланышта” акциясына катышат
Бүгүн, 20-февралда, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Жеңишбек Раззаков Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн “Ачык Өкмөт” саясатынын алкагында өткөрүлүп жаткан “Министр байланышта” акциясына катышат.
Акция алкагында Баткен облусунун башчысы бир катар ЖМК өкүлдөрү менен жолугушуп, анда Баткен облусунун 2014-жылкы социалдык-экономикалык жыйынтыгы жана 2015-жылга карата милдет-пландары тууралуу кеңири айтып берет.
Графикке ылайык, саат 9.00 Жеңишбек Раззаков «Биринчи радионун» түз обосундагы “Күндүн темасы” программасына катышып, угармандардын суроолоруна жооп берет. Түз байланыш телефондору: (0-312) 39-21-90, 65-66-04.
Андан соң, саат 11.00 анын катышуусунда «Кабар» маалымат агенттигинде басма сөз жыйыны өтөт.
Ущул эле күнү Баткен облусунун ыйгарым укуктуу өкүлү «Турмуш» интернет-редакциясына маек куруп берет.
Жыйынтыгында Ж.Раззаков КТРК коомдук телеканалындагы “Энергетика тууралуу ачык сөз” программасынын коногу катары катышмакчы.
КР Өкмөтүнүн Аппаратынын
Маалыматтык камсыздоо бөлүмү