17

Февраль

2015

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Канатбек Исаев “Министр байланышта” акциясына катышат

Эртең, 17-февралда, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Канатбек Исаев Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн “Ачык Өкмөт” саясатынын алкагында өткөрүлүп жаткан “Министр байланышта” акциясына катышат. Акция алкагында Канатбек Исаев облустун бир катар ЖМК өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрүп, анда аймактын 2014-жылдагы социалдык-экономикалык өнүгүү жыйынтыгы жана 2015-жылга карата милдет-пландары тууралуу кеңири айтып берет. Графикке ылайык, саат 9.00 Чүй облусунун жетекчиси “Биринчи радионун” «Күндүн темасы» берүүсүнө катышып, алып баруучунун жана радио угармандардын суроолоруна жооп берет. Түз байланыш номерлери: (0-312) 39-21-90, 65-66-04. Андан соң, саат 11 ал «Кабар» маалымат агенттигинде басма сөз жыйынын өткөрөт. Ошол эле күнү Канатбек Исаев «Турмуш» маалымат агенттигине маек куруп берет.  

КР Өкмөтүнүн Аппаратынын

Маалыматтык камсыздоо бөлүмү