03

Февраль

2015

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эмилбек Каптагаев “Министр байланышта” акциясына катышат

Эртең, 3-февралда, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эмилбек Каптагаев Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн “Ачык Өкмөт” саясатынын алкагында өткөрүлүп жаткан “Министр байланышта” акциясына катышат. Акция алкагында Эмилбек Каптагаев ЖМК өкүлдөрү менен бир катар жолугушууларды өткөрүп, Ысык-Көл облусунун 2014-жылкы социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыктары жана 2015-жылга карата милдет, пландары тууралуу кеңири айтып берет. Графикке ылайык, саат 9.00дө Өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү «Биринчи радионун» «Күндүн темасы» программасынын коногу катары угармандардын суроолоруна жооп бермекчи. Түз байланыш номурлары: (0-312) 39-21-90, 65-66-04. Андан соң, саат 11.00дө ал «Кабар» маалымат агенттигиндеги басма сөз жыйынына катышат. Ошол эле күнү Эмилбек Каптагаев «Вечерний Бишкек» интернет-редакциясына маек берет. Күндүн соңунда Ысык-Көл облусунун жетекчиси ЭлТР коомдук телеканалынын «Күн маек» программасына катышат.

КР Өкмөтүнүн Аппаратынын

Маалыматтык камсыздоо бөлүмү