26
Февраль
2015
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аманбай Кайыпов “Министр байланышта” акциясына катышат
Эртең, 27-февралда, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аманбай Кайыпов Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн “Ачык Өкмөт” саясатынын алкагында өткөрүлүп жаткан “Министр байланышта” акциясына катышат.
Акция алкагында Нарын облусунун жетекчиси ЖМК өкүлдөрү менен бир катар жолугушууларды өткөрүп, анда аймактын 2014-жылкы социалдык-экономикалык өнүгүү жыйынтыктары, ошондой эле 2015-жылга карата белгиленген милдет-пландар тууралуу кеңири айтып берди.
Графикке ылайык, саат 9.00 Аманбай Кайыпов «Биринчи радионун» «Күндүн темасы» аттуу түз обосунда конок катары катышып, анда алып баруучунун жана радио угармандардын суроолоруна жооп берет. Түз байланыш номурлары: (0-312) 39-21-90, 65-66-04.
Андан соң саат 11.00 ал “Кабар» маалымат агенттигиндеги басма сөз жыйынына катышмакчы.
Ошол эле күнү Нарын облусунун башчысы «Турмуш» маалымат агенттигине маек берет.
КР Өкмөтүнүн Аппаратынын
Маалыматтык камсыздоо бөлүмү