13
Март
2015
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Сооронбай Жээнбеков “Министр байланышта” акциясына катышат
Бүгүн, 13-мартта, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Сооронбай Жээнбеков Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн “Ачык Өкмөт” саясатынын алкагында өткөрүлүп жаткан “Министр байланышта” акциясына катышат.
Акция алкагында С.Жээнбеков ЖМК өкүлдөрү менен бир катар жолугушууларды өткөрүп, анда Ош облусунун 2014-жыл үчүн социалдык-экономикалык өнүгүү жыйынтыгы жана 2015-жылга коюлган милдет пландары тууралуу кеңири айтып берет.
Графикке ылайык, саат 9.00 ал «Биринчи радионун» “Күндүн темасы» программасына катышып, түз ободон берилген радио угармандардын суроолоруна жооп берет. Түз байланыштын номурлары: (0-312) 39-21-90, 65-66-04.
Андан соң, саат 11.00 Ош облусунун жетекчиси “Кабар” маалымат агенттигинде басма сөз жыйынын өткөрт. Ошол эле күнү С.Жээнбеков «Турмуш» маалымат агенттигине маек куруп берет.
КР Өкмөтүнүн Аппаратынын
Маалыматтык камсыздоо бөлүмү