15

Март

2012

КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 15-март № токтому

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 90-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат: 1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык полиция мамлекеттик кызматы жоюлсун. 2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык полиция мамлекеттик кызматын жоюу боюнча комиссия (мындан ары – Жоюу комиссиясы) тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн. 3. Жоюу комиссиясы: - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык полиция мамлекеттик кызматынын кызматкерлерин бошотуу жана жумуштан кетүү жөлөк пулдарын, ошондой эле башка эсептелген төлөмдөрдү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык төлөө жөнүндөгү маселелерди чечсин; - кредиторлор менен эсептешүүлөрдү жүргүзсүн жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык полиция мамлекеттик кызматынын дебитордук карыздарын өндүрсүн; - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык полиция мамлекеттик кызматынын мүлкүн эсепке алсын; - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык полиция мамлекеттик кызматын жоюу балансын даярдасын жана аны Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн бекитүүсүнө берсин; - Кыргыз Республикасынын Жаштар, эмгек жана иш менен камсыз кылуу министрлигине, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматына Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык полиция мамлекеттик кызматынын бошотулган кызматкерлерин окутуу, кайра даярдоо боюнча сунуштарды Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык киргизсин; - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык полиция мамлекеттик кызматынын өндүрүшүндө турган кылмыш иштерин жана материалдарды тиешелүү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарга өткөрүп берүү жөнүндө маселелерди белгиленген тартипте чечсин. 4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө жүктөлсүн. 5.  Бул токтом жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет. Премьер-министр                                                             Ө. Бабанов