20

Март

2013

Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасы аркылуу “Бишкек-темир жол” өткөрүү пунктун орнотуу жөнүндө

“Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасынан темир жол транспорту менен өткөн жарандарга ыңгайлуу шарттарды түзүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

  1. “Бишкек-2” темир жол бекетинде күнү-түнү режиминде туруктуу иштеген, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасы аркылуу “Бишкек-темир жол” көп тараптуу жүргүнчүлөрдү өткөрүү пункту орнотулсун.
  2. Ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн өткөрүү пунктунун имаратын жана курулмаларын курууну баштоо максатка ылайык деп эсептелсин.

3. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматы, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматы,  Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Санитариялык, ветеринариялык жана фитосанитариялык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекция жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курулуш жана региондук өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттик бир айлык мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин алдындагы “Кыргыз темир жолу” улуттук компаниясы” мамлекеттик ишканасына “Бишкек-темир жол” өткөрүү пунктун курууга, жайгаштырууга, жабдууга жана техникалык жактан камсыз кылууга талаптарды беришсин.

4. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин алдындагы “Кыргыз темир жолу” улуттук компаниясы” мамлекеттик ишканасы, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматы, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматы жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курулуш жана региондук өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттик Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасы аркылуу өтүүчү темир жол өткөрүү пунктун курууга жана жайгаштыруугатехникалык талаптардын долбоорун даярдашсын жана аны белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна киргизишсин.

5. Бишкек шаарынын мэриясына төмөнкүлөр сунушталсын:

-     Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин алдындагы “Кыргыз темир жолу” улуттук компаниясы” мамлекеттик ишканасына Бишкек шаарынын мэриясынын тиешелүү кызматтарынан жана түзүмдүк бөлүмдөрүнөн техникалык шарттарды алууга, ошондой эле “Бишкек-темир жол” өткөрүү пунктун куруу жана ага жанаша аймакты көрктөндүрүү боюнча иш-чараларды жүзөгө ашырууда ар тараптуу көмөк көрсөтүү;

-     курулуш иштери жүрүп жаткан мезгилде вокзалдын жанындагы жолдун жабылышын (графикке ылайык) камсыз кылуу жана бул тууралуу жалпыга маалымдоо каражаттарына жайылтуу.

6. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин алдындагы “Кыргыз темир жолу” улуттук компаниясы” мамлекеттик ишканасы Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын катышуусунда:

-     Бишкек шаарынын мэриясы менен “Бишкек-темир жол” өткөрүү пунктун куруу, вокзалга жанаша аянттарды жана автотранспорт токтотуучу жайды көрктөндүрүү үчүн жер участогун бөлүп берүү жөнүндө маселени макулдашсын;

-     Бишкек шаардык жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча башкармалыгында Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жер участогун мөөнөтсүз пайдалануу укугу жөнүндө мамлекеттик актыны тариздесин;

-     “Бишкек-темир жол” өткөрүү пунктунун объекттерин долбоорлоону, курууну жана жабдууну ушул токтомдун 2-пунктунда көрсөтүлгөн министрликтер, ведомстволор жана Бишкек шаарынын мэриясы менен макулдашуу боюнча мыйзамдарда белгиленген тартипте ишке ашырсын;

-     “Бишкек-темир жол” өткөрүү пунктун курууга, вокзалга жанаша аянттарды жана автотранспорт токтотуучу жайларды көрктөндүрүүгө архитектуралык-пландоо тапшырманы жана инженердик-техникалык шартты, долбоорлоо-сметалык документтерди иштеп чыгуу боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү алууну мыйзамда белгиленген тартипте ишке ашырсын;

-     мыйзамдарда каралган экологиялык, куруу-архитектуралык жана экспертизанын башка түрлөрүн жүргүзсүн.

7. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин алдындагы “Кыргыз темир жолу” улуттук компаниясы” мамлекеттик ишканасы “Бишкек-темир жол” өткөрүү пункттун долбоорлоо жана куруу боюнча иштерди аткаруучу болуп аныкталсын.

8. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин алдындагы “Кыргыз темир жолу” улуттук компаниясы” мамлекеттик ишканасынын “Көпүрө куруу отряды” мамлекеттик ишканасына “Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык “Бишкек-темир жол” өткөрүү пунктун долбоорлоо жана куруу боюнча иштерди жүргүзүүгө уруксат берилсин.

9. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

10. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө жүктөлсүн.

Премьер-министр                                               Ж.Ж. Сатыбалдиев

Негиздеме-маалымкат