08

Октябрь

2014

КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 7-октябрындагы Токтому менен Бажы союзунун бажы аймагында жана Бажы союзунун бажы чек арасында карантиндик фитосанитардык көзөмөлгө алынуучу, Карантиндик продукциялар

Премьер-министр Жоомарт Оторбаев Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Токтомуна кол койду, ага ылайык, карантиндик фитосанитардык көзөмөлгө алынуучу, Карантиндик продукциялардын (карантиндик жүктөр, карантиндик материалдар, карантиндик товарлар) тизмеси бекитилди.

Аталган токтом Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 5-августундагы “Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин 2014-жылдын 29-майындагы № 74 чечими менен бекитилген Беларусь Республикасынын, Казакстан Республикасынын жана Россия Федерациясынын Бажы союзуна Кыргыз Республикасынын кошулушу боюнча иш-чаралар планын ("жол картасын") ишке ашырууга карата Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн иш-чаралар планын бекитүү тууралуу” № 445-токтомун ишке ашыруу максатында кабыл алынган.

КР Өкмөтүнүн Аппаратынын

Маалыматтык камсыздоо бөлүмү