16
Ноябрь
Урматтуу кино ишмерлери жана кызматкерлери!
Кыргыз улуттук искусствосунун авангарды - кыргыз киночуларынын кесиптик майрамы менен чын жүрөктөн куттуктайм, кино ишмерлерине чыгармачыл зор ийгиликтерди каалайм.
Кыргыз киносу улуттук маданияттын өзгөчө кубулушу катары дүйнөлүк аренага чыгып, кыргыз элинин маданияты менен салтын, руханий дүйнөсүн кеңири жайылтып келет. Улуттук кинонун башатында турган залкар таланттар кино өнөрүнүн зор руханий өзөгүн түптөп, өнөрдүн эн мыкты үлгүлөрүн жаратып кетти.
Кино өнөрү – бул коллективдүү өнөр. Бул тармакта чыгармачыл инсандар менен кино кызматкерлери, кино прокат адистеринин чон жамааты иштейт. Акыркы жылдардагы экономикалык жана социалдык кыйынчылыктарга карабастан, кыргыз киночулары кыйын мезгилден жол тап, каражаттын тартыштыгына карабастан мыкты картиналарды жаратып, улуттук кинонун мыкты салтын улантып келет.
Кино массага ылайыкташкан искусство, ал замандаштардын руханий эстетикалык табитин калптандырууга, алардын мыкты образдарын жаратууга багытталган өнөр бутагы. Кинонун керемет күчү менен азыркы кино көрүүчүлөр бүгүнкү турмуштун реалдуулугун, анын контрастарын, боекторун көрүү менен заманбап мыкты чыгармалардын жаралышын күтөт. Азыркы күндө кино өнөрүнүн учугун улаган мыкты таланттардын жаңы мууну пайда болду. Жаш кинематографисттердин жараткан эмгектери эл аралык кино форумдарда байгелүү орундарды жеңип алып, кыргыз киносунун сыймыктуу тарыхын улантып келүүдө.
Кыргыз киночуларынын алдында бир топ орчундуу проблемалар бар. Улуттук кинонун материалдык – техникалык базасын чындоо, кино тартуу ишин каржылоону көбөйтүү бул мамлекеттин эң маанилүү маселеси. Анткени, киноөнөрү биз үчүн дале болсо, искусствонун маанилүү тармагы бойдон кала берет.
Акыркы жылдардагы кино жаатындагы ийгиликтер, албетте, кубандырбай койбойт. Жетишкен ийгиликтер чек эмес, ал кыргыз киночуларын бул өнөрдүн татаал дабандарын мындан ары да аша берүүгө шык берет.
Кыргыз киносунун келечеги кең, даңкы бийик, арымы илгери болсун! Мыкты чыгармалар жарала берсин!
Майрамыңыздар менен!
Кыргыз Республикасынын
Премьер – министри Ж.Ж.Сатыбалдиев