30

Август

2012

Урматтуу мекендештер!


Бүгүн биз эң башкы мамлекеттик майрамды – Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк Күнүн салтанаттап жатабыз.
Өткөн 21 жыл ичинде биздин сүйүктүү өлкөбүздө революциялар жана трагедиялар менен коштолгон орчундуу саясий, социалдык жана экономикалык өзгөрүүлөр болду.

Кыйынчылыктарга жана оор сыноолорго карабастан, элибиз биримдикти жана өлкөнүн бүтүндүгүн, жергебиздеги тынчтыкты жана туруктуулукту сактап калды. Бүгүнкү Кыргызстан – бул дүйнөлүк коомчулукта өзүнүн татыктуу ордун табууга умтулган демократиялык, эгемендүү мамлекет.

“Түгөнгөн сайын түтөгөн, кыйналган сайын күчөгөн” деп улуу “Манас” эпосунда айтылгандай, Кыргызстан эли эркиндикти жана чындыкты баарынан жогору коёруна бүт дүйнө жүзүнүн көзү жетти. Биздин эл - эркин мүнөзү, баатырдыгы жана айкөлдүгү менен улуу! Элибиздин Мекенди сүйүүсү жана оптимизми чексиз!

Өткөн жылдарда канчалык оор болбосун, биз өлкө экономикасын сактап кала алдык. Жарандарыбызга камкордук көрүү жана кызыкчылыктарын коргоо ар дайым мамлекетибиздин экономикалык жана социалдык саясатынын чордонунда болот.

Кадырман достор!
Катарыбыз ыдырабай бирге болсок, өлкөбүздү ким болуп иштебесин жана кайда болбосун, ар бир жараныбыз: “МЕН - КЫРГЫЗСТАНДЫКМЫН!” деп зор сыймык менен айткыдай деңгээлге жеткире алабыз.
Майрамыңыздар менен, кымбаттуу мекендештерим! Сиздерге бекем ден-соолук, оптимисттик маанай, бакубатчылык, Мекенибиздин жыргалчылыгы үчүн эмгекте албан ийгиликтерди каалайм.
Эгемендүүлүк Күнүңүздөр кут болсун!

Кыргыз Республикасынын
Премьер-министринин
Милдетин аткаруучу Ө. Бабанов