19
Февраль
2015
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Дж.К.Оторбаевдин Кыргыз Республикасынын Финансы полициясынын кызматкеринин күнү менен КУТТУКТООСУ
Урматтуу Кыргыз Республикасынын Финансылык полиция кызматкерлери жана ардагерлери!
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана жеке өзүмдүн атымдан Сиздерди кесиптик майрамыңыздар менен чын жүрөктөн куттуктайм! Быйыл Кыргыз Республикасынын Финансылык полициясынын түзүлгөндүгүнө 22 жыл толду. Сиздер бул мезгилдин аралыгында республикабыздын экономикасынын өнүгүшүнө зор салым кошуп, натыйжалуу эмгектенип келе жатасыздар. 2014-жылы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызмат тарабынан республика боюнча 1 103 укук бузуу фактылары ачылды. Укук бузуу фактыларынын ачылышынын натыйжасында мамлекеттин бюджетине 1 млрд 323 млн 773 миң сом кайтарылды. Бүгүнкү күндө финансы полициясы аткаруу бийлик тутумунда мамлекеттик укук коргоо органы болуп саналат, мамлекеттин экономикалык коопсуздугун камсыз кылуу боюнча иш алып барат жана экономикалык жана кызматтык кылмыштардын бетин ачып, тергөө жүргүзөт. Финансы полициясынын кызматкерлеринин көбүнэсе бөлүгү жогорку кесиптик талаптарга дал келет жана алар элдин колдоосуна таянып, өз милдеттерин ийгиликтүү аткарууда. Урматтуу Финансы полициясынын кызматкерлери жана ардагерлери! Кесиптик майрам күнүңүздөрдө Сиздерге бекем ден-соолук, ишиңиздердеги принциптүүлүктү, өжөрлүктү, жарандык жоопкерчиликти жана жаңы албан ийгиликтерди каалайм!Кыргыз Республикасынын
Премьер-министри Ж.К.Оторбаев