06
Апрель
КР Премьер-министри Ж.Оторбаевдин Дене-тарбия жана спорт кызматкерлеринин күнү менен куттуктоосу
БУУ Башкы Ассамблеясынын 6-апрелди дүйнөдөгү бакубаттуулук жана өнүгүү үчүн Эл аралык спорт күнү катары жарыялоосу тууралуу резолюциясын эске алуу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтү 2014-жылдын 11-январындагы № 18-токтому аркылуу 6-апрелди жыл сайын белгиленүүчү Дене-тарбия жана спорт кызматкерлеринин күнү деп белгилеген. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан спортту сүйгөн, спортчулардын ийгиликтерине көз салган, алар үчүн күйөрман болгон атамекендик спорт коомчулугун, аталган жааттагы жогорку ийгиликке ээ болгон өкүлдөрдү, дене-тарбия жана спорт тармагынын кызматкерлерин бул жаркын майрамы менен куттуктайм. Спортту жана массалык дене-тарбия кыймылын өнүктүрүү элдин сергек жашоосунун гана эмес, рухий ден-соолугунун абалына да таасирин тийгизет. Дене тарбия жана спорт менен алектенген жана сергек жашоо образын жүргүзгөн адамдар биздин коомубуздун негизделишине өз салымын кошот, анткени, улутунун дени сак болгон өлкө гана атаандаштыкка ээ болчу мамлекет катарына чыга алат. Дене тарбия жана спорт жалпы улуттук маданияттын негиздүү бөлүгү катары саналып, аны өнүктүрүү – коомдун социалдык жана экономикалык көйгөйлөрүн чечүүдөгү мамлекеттик саясаттын ажырагыс бөлүгү болуп эсептелет. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү дене тарбия жана спортту өнүктүрүүдөгү негизги маселелерди чечүү жаатындагы стратегиялык милдеттерди жана функцияларды ишке ашыруу, сергек жашоо образын жайылтуу жана калктын калың катмарын дене тарбия жана спорт менен машыктырууга тартуу боюнча иш жүргүзөт. Өзгөчө көңүл улуттук жана элдик оюндардын түрүн өнүктүрүүгө бурулууда. Бүгүнкү күндө атамекендик спортчулардын жетишкендиктерине жараша дүйнөнүн төрт бурчунда биздин кичине, бирок намыстуу өлкөбүздүн гимни ырдалып, желегибиз желбирөөдө. Ар-бир жеңиш, ар-бир жетишкендик, ар-бир медаль – бул жеңишке жылдап өз салымын кошуп келген спортчунун, анын жакындарынын, машыктыруучулардын, врачтардын эмгеги болуп саналат. Кыргыз спортчулары дагы көптөгөн ирет өз жогорку кесипкөйлүгүн, патриоттуулугун, Ата-Мекенге болгон сүйүүсүн көрсөтүп, атамекендик жана дүйнөлүк спорттун өнүгүшүнө өз салымын кошуп, Кыргызстандын атагын алыска угузат деген ишенимдемин!
Премьер-министр Ж.К. Оторбаев