21
Март
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Жоомарт Оторбаевдин Нооруз майрамы менен куттуктоосу
Урматтуу Кыргызстандыктар!
Күн илеби жылып, жаратылыш жанданып, айлана жашыл түскө боёлуп, жалпыбызга жылуу маанай тартуулаган берекелүү жерибизге дагы бир жолу Нооруз майрамы кирип келди. Бул майрамды эзелтеден элибиз жакшы тилек, жаңы үмүт, жаркын маанай менен тосуп, жыл башы катары эсептеп келген.
Чыгыш элдеринде белгиленүүчү бул күндүн мааниси өтө зор. Себеби жаратылыш мыйзамдарына баш ийген жыл наама боюнча Ноорузда Улуу күн менен Улуу түн теңелип, табият ойгонуп, жашоо жаңыланып, адамзаттын жан дүйнөсүндө өзгөчө шаң, илгери үмүт пайда болот.
Ошондой эле кычыраган кыштан аман-эсен чыгып, кийинки кышка даярдык мына ушул Нооруз күнүнөн башталат.
Тышкы жана ички факторлордун таасири астында өлкөбүздө бир катар чечилүүчү маселелер бар экендигине карабастан, бардык кыйынчылыктарды жеңип чыгып, Кыргызстан өнүккөн мамлекеттердин катарына кошула тургандыгына ишенебиз. Анткени биздин алдыга койгон максаттарыбыздын эң негизгиси дал ушул.
Апаларыбыз сүмөлөк, көжө кайнатып, аталарыбыз үрөөндөрүн даярдап, жер айдоого камынышат. Ал эми жаштар болсо жаңы жылдын урматына аруу тилек кылышат.
Чыгыш жыл санагы боюнча кирип келген кой жылы жалпы элибизге тынчтык ыроолоп, берекелүү жылдардан болсун. Бутуна туруп келе жаткан Кыргыз мамлекети бул жылы жаңы жетишкендиктерди багындырып, элибиз айдан аман, жылдан эсен болсун. Улустун улуу күнүндө жакшылык жылоолоп, алдыга койгон ой-максаттарыңыздар ишке ашсын. Ар бир үй-бүлөгө бакыт кушу конуп, берекелүү жылдардан болсун. Бардыгыңыздарга бакубат жашоо, ишиңиздерге ийгилик каалайм. Кыргызстаныбыз мындан ары да өсүп-өнүгө берсин!
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Ж.К. Оторбаев