02

Март

2012

Урматтуу мекендештер!

Урматтуу кыргызстандыктар!

3-мартта Кыргыз Республикасынын расмий символу болгон Мамлекеттик туубуздун 20 жылдыгын белгилейбиз. Бул күнү легендарлуу парламенттин депутаттары эгемендүү өлкөбүздүн башкы символун дүйнөгө даңаза кылган. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик туусу дүйнөлүк эң кадыр-барктуу уюмдардын алдында көтөрүлүп, өлкөбүздүн ар бир жаранын жүрөгүндө бийик сезимди, мекенчил духту чагылдырып турат. Кыргызстандын Туусу - мезгил менен муундардын байланышын бириктирген, тарыхтын кыйын сыноолорунан өткөн улуу сыймыгыбыз. Анын кадыр-баркын бийик тутуп, өлкөбүздүн Туусун  дүйнөлүк аренада татыктуу көрсөтө билишибиз керек.

Урматтуу мекендештер!

Эртең биз Туубузду мамлекеттик расмий  символ катары өлкөбүздүн бардык  аймактарында, ордо калаабыздын Ала-Тоо аянтында бийик көтөрүп, мамлекеттүүлүгүбүздү, азаттыгыбызды, эркиндигибизди дагы бир ирет даңктамакчыбыз. Кыргызстандын эли ушул Ыйык Туунун алдында өздөрүн эркин, тең укуктуу сезип, эртеңки  келечекке ишенимдүү кадам шилтейт деген тилектемин. Мен элибиз Мамлекеттик  туубуздун алдында биригип, ынтымак,   тынчтык аркылуу өлкөбүздү өнүгүү жолуна  алып барат деп терең ишенем! Элибиздин ыйык Туусу түбөлүк желбирей берсин!