05

Май

2015

Кыргыз Республикасынын Конституция күнү менен Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Темир Сариевдин куттуктоосу

Урматтуу кыргызстандыктар! Кымбаттуу мекендештер!

Демократиялык, эгемендүү, укуктун жана мыйзамдын үстөмдүгүнө негизделген көз карандысыз мамлекетти түзүүнүн негизги принциптерин бекемдеген, мамлекеттин символдорунун бири болгон, өлкөбүздүн биринчи Конституциясынын 1993-жылдын 5-майында кабыл алынгандыгына 22 жылдын жүзү болду.

Аны кабыл алган күндөн тартып өлкөнүн жана негизги мыйзамыбыздын тагдыры жөнөкөй болгон жок. Конституция бир нече жолу өзгөртүлүп, жаңыланган редакцияда кабыл алынган болчу. Ага карабастан, ал дайыма мамлекеттин тиреги болуп, элдин эркин жана гүлдөгөн Кыргызстанды куруу боюнча ишенимин арттырат.

Бардыгыбызга белгилүү болгон апрелдик кайгылуу окуядан кийин, 2010-жылдын 27-июнундагы референдумда кабыл алынган акыркы Конституция жарандардын укуктары менен эркиндиктерин коргогон күчтүү, стабилдүү, укуктук мамлекетти куруудагы элдин үмүт-тилегин жана ишенимин өзүнө камтыды.

Конституциянын башкы өзгөчөлүгү жана талашсыз артыкчылыгы – бийлик көчөдө эмес, парламенттин ичинде демократиялык процесстер аркылуу алмашып калды. Бийликтин аткаруу бутагында азыркы кезде жүрүп жаткан өзгөртүүлөр мунун айкын далили. Бул бийликтин ыйгарым укуктарына Конституцияны жана мыйзамдарды аткарууну тикеден-тике камсыз кылуусу кирет.

Бүгүнкү күндө биз гүлдөп-өсүүгө карай алгачкы кадамдарыбызды жасап жатабыз, бирок эң негизгиси - ар бирибиз тандап алган жолубуздан тайбай, алдыга койгон максатыбызга жетүү үчүн – ар бир адамдын жана жарандын бакубат жашоосун көздөгөн эркин, күчтүү, демократиялык, укуктук мамлекетти куруу үчүн – болгон мүмкүнчүлүгүбүздү жумшашыбыз керек.

Биз татаал мезгилде жашап жатабыз, ошондуктан тандап алган жолубузда дагы көптөгөн иштерди аткарышыбыз керек. Конституцияда каралган максаттарга жетүүгө канчалык талбай аракеттенсек, өнүгүүнүн тандап алган векторун канчалык так көздөсөк, ошончолук Кыргызстандын ийгилиги жана гүлдөгөнү болот, ошончолук биздин жана биздин муунубуздун келечеги болот.

Бүгүнкү күндө жарандарыбызга жана өлкөбүзгө деле болуп көрбөгөндөй стабилдүүлүк керек, жана мындай стабилдүүлүктү туруктуу Конституция жана анын укуктук ченемдерин ар бир жаран тарабынан кыйшаюусуз аткаруусу камсыз кыла алат жана камсыз кылууга тийиш.

Конституциянын стабилдүүлүгү мамлекеттин жашоосунун бардык аспектилеринин алдын ала боло тургандай шарты саналат. Ошондуктан кайсы бир учурда коомдо пайда болгон саясий жана социалдык келишпестиктер Конституцияны алмаштыруу аркылуу эмес, аны талкуулап түшүндүрүү жолу менен чечилүүгө зарыл. Конституцияны социалдык, экономикалык жана саясий кырдаалга дал келтирүүгө болбойт. Тескерисинче, бардык мамлекеттик органдар Конституцияга ылайык иштеш керек, бийликтин бардык бутактарынын чечимдери, анын ичинде саясий чечимдер ага ылайык кабыл алынууга тийиш. Биз болсо колдонуудагы Конституция боюнча жашоого үйрөнүшүбүз керек. “Укуктук тосмолордон” өтүү – Кыргыз Республикасынын эң негизги максаты.

Урматтуу мекендештер!

Конституция күнү биздин өлкөдө майрам күнү болуп эсептелет. Ошондой эле жумуш күн эмес, кошумча эс алуу күнү катары кабыл алынбастан, бул күн өзүнүн бүтүндөй атмосферасы менен жаран катары адамда Кыргызстандын кайра жаралуусу менен сыймыктануу сезимин ойготууга тийиш. Биз өлкөбүздө ар бир адамдын төрөгөндөн тартып, аны өмүр бою коштогон укуктарын, эркиндиктерин жана милдеттерин кепилдеген Конституциябыз менен сыймыктанышыбыз керек. Сыймыктануудан тышкары биз Башкы мыйзамыбызды сыйлашыбыз керек, анткени так эле Конституцияны сыйлоодон өлкөнү, мыйзамды, өз мекендештерибизди, аны менен бирге өзүбүздү урматтоо башталат. Ар бирибиз чыныгы жана конкреттүү иш, эмгекке адал мамиле кылуу жана мыйзамды так аткаруу аркылуу Конституцияны сыйлай алабыз. Конституцияны сыйлабаган, ага ылайык жашабаган коом оорулуу коом делет. Ошондуктан ар бирибиз өз республикабыздын Конституциясын сыйлаганды үйрөнүшүбүз керек.

Кымбаттуу кыргызстандыктар!

Ушул айрыкча маанилүү күндө сиздерге бекем ден соолук, чыныгы ийгиликтерди жана бакубат жашоону чын жүрөктөн каалайм. Кыргызстаныбыз тынчтыкта, стабилдүүлүктө жана гүлдөп-өсүш нугунда болсун!

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри                                                                             Т.А.Сариев