01

Май

2015

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Темир Сариевдин Эмгек майрамы менен куттуктоосу

Урматтуу кыргызстандыктар!

Сиздерди 1-Май – Эмгек майрамы менен куттуктайбыз!

1-май дайыма эмгекчил адамдардын майрамы болуп келген. Бул майрам менен үй-бүлөдө жана эмгек жамааттарында жаралган жакшы жөрөлгөлөр байланыштуу.

Эмгек майрамынын пайда болушуна Париж интернационалдык конгресси себеп болгон. 1889-жылы дал ушул Конгресс 1-Майды – Эмгекчилердин эл аралык тилектештигинин күнү деп эсептөө тууралуу чечим кабыл алган. Бул датанын тандалып алынышы да бекеринен эмес. 1-Май күнү демонстрацияга чыккан дүйнөнүн көпчүлүк өлкөлөрүнүн жумушчуларынын урматына белгилене баштаган.

Эмгекчилердин негизги талаптары эмгек шарттарын жакшыртуу жана 15 сааттык жумуш күнүн 8 саатка чейин кыскартуу болгон. Тилекке каршы, демонстрация катаалдык менен кууп-таркатылып, анын натыйжасында жүздөгөн адамдар түрмөгө отургузулган, ондогон адамдар өлтүрүлгөн, ал эми демонстрациянын уюштуруучулары жазага тартылган.

Ошол трагедиялуу окуяларды эскерип, 1-май Эмгекчилердин эл аралык тилектештигинин күнү катарында тарыхка кирип, жыл сайын белгиленип турат.

СССРде 1-Май жаш социалисттик республика түзүлгөн күндөн тартып белгилене баштаган. Алгачкы 1-Май парады 1918-жылы Ходынск талаасында өткөрүлгөн. Биринчи май демонстрациясын өткөрүү салты дээрлик бузулган жок. Сексен жыл бою бул майрам – “Эмгекчилердин эл аралык тилектештигинин майрамы” деген расмий аталышты алып келди.

Эгемендүү Кыргызстанда 1-Май майрамы саясий боёктон ажырап, жалпы элдик “Эмгек майрамы” аталышына ээ болду.

Эмгек – бул жашоонун негизи. Эмгекчилерди бириктирүү үчүн жаралган бул майрам азыр да бизге оптимизм берип, бүтүндүн бир бөлүгү, коомдун, анын тарыхынын ажырагыс бөлүгү катарында сезүүгө мүмкүндүк берет. Адам өз эмгегинен ырахат алып, өз ийгиликтери менен сыймыктанганда гана анын жашоосу толук жана гармониялуу болот. Жигердүү, чыгармачыл, көңүлдүү эмгек жашоонун чыныгы маңызы менен толтурат. Эмгекти сүйгөн жана эмгектене алган адам гана чыныгы бактылуу боло алат. Күчүбүздү, билимибизди жана жөндөмүбүздү эмгекке жумшап, бардыгыбыз чогуу жана ар бир эмгекчи өз алдынча өлкөбүздүн жыргалчылыгы үчүн жана күч-кубаты үчүн салымыбызды кошобуз.

Бул майрам жылдан жылга жашообузга көптөгөн кубанычты, жарыкты жана жылуулукту алып келүүдө. Доор алмашса да, муун алмашса да, биринчи май майрамы жыл сайын биздин үйүбүзгө көптөн күткөн жаздын түстүү жана шаңдуу белгиси катары келип турат.

Бул жазгы майрам күндүн жарыгына жана жылуулугуна толуп, келечекти өз колу менен курган, эмгекти сүйгөн бардык адамдардын өзгөчө тилектеш сезими менен белгиленет. Биздин жалпы татыктуу эмгектенүү аракеттерибиз, балдарыбыз, неберелерибиз жана жакын адамдарыбыз үчүн жакшы жашоону жана тынчтыкта, ынтымак-ырашкерликте жашоону камсыз кылуу үй-бүлөлөрүбүздүн бакубат жашоосу үчүн ишенимдүү пайдубал болуп берет, ал эми жалпы жетишкендиктерибиз жашообузду жакшыртат жана эртеңки күнгө ишенич жаратат.

Бүгүнкү эмгегибиз менен келечекти курабыз. Балдарыбыздын бактылуу жана бакубат жашоосу биздин күч-кубатыбызга жана иш-билгилигибизге байланыштуу. Эң башкысы – өлкөбүздүн жыргалчылыгы үчүн аракетибизди бириктирип чогуу эмгектенүү.

Ушул шаңдуу майрам сиздерге оптимисттик маанай тартуулап, өз күчүбүзгө ишеним арттырсын, мындан ары гүлдөп-өнүгүүгө өбөлгө болуп берсин.

Чыгармачыл шыктануу жана толуп-ташуу, кең ой-өрүш жана жагымдуу маанай, энтузиазм, улуу жаратмандыктарды, сак-саламаттыкты, жан дүйнөдөгү бейпилдикти жана шайкештикти, сүйүүнү жана болуп көрбөгөндөй бакыт-таалайды каалайбыз!

Ишиңиздер сиздерге дайыма кубаныч алып келсин жана үй-бүлөңүздөрдүн татыктуу жашоосун камсыз кылсын деп чын дилибизден каалайбыз.

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри                                                                                                Т.А.Сариев