30

Ноябрь

2012

          Урматтуу Жогорку аттестациялык комиссиянын жамааты!                  Урматтуу салтанаттуу жыйындын катышуучулары!

Өкмөттүн атынан жана жеке өзүмдүн атымдан, Кыргыз Республикасынын Жогорку аттестациялык комиссиясынын жалпы жамаатын жана өлкөбүздүн бардык илимпоздорун бүгүнкү 20 жылдык мааракеңиздер менен чын дилимден куттуктаймын! Жогорку аттестациялык комиссия 1992-жылы Кыргыз Республикасынын өкмөтүнө караштуу мекеме катары уюштурулган болчу. Андан берки артта калган убакыт ичинде, мамлекетибиздин жогорку квалификациялуу илимий жана илимий-педагогикалык кадрларын аттестациялоо системасы өз алдынча структура катары толук калыптанып, коомдук-илимий чөйрөдө  өзүнүн туруктуу ордун ээледи деп, зор ишеним менен айта алабыз. Бул убакыт бир караганда анча деле көп эместей сезилгени менен, эгемендүү өлкөбүздүн өз алдынча коомдук-саясий институттарынын калыптанышы көптөгөн машакаттуу, өтө татаал маселелерди чечүү менен коштолгондугун айтпай коюуга болбойт. Анын үстүнө, “илим деген ийне менен кудук казуу сыяктуу” деп айтылган акылман түшүнүктү эске ала турган болсок, учурдагы бул тармактагы зор жетишкендиктер жана ийгиликтер оңой эле жарала калбагандыгы анык. Жогорку аттестациялык комиссия - жогорку квалификациядагы илимий жана илимий-педагогикалык кадрларды даярдоо жана аттестациялоо жаатында мамлекеттик бирдиктүү саясатты жүргүзүү менен бирге, өлкөбүздүн илимий потенциалын түзүү жана чыңдоо багытында дагы максаттуу иш жүргүзүүнү улантып келе жатат. Ошонун натыйжасында өткөн 20 жыл ичинде республикабызда жана андан сырткары мамлекеттерде корголгон 3921 диссертациялык иштерди аттестациялап жана бекитип, изденүүчүлөргө илимдин доктору жана кандидаты деген окумуштуулук даражаларын ыйгарды. Жогорку аттестациялык комиссиянын жамааты жана жалпы эле илимпоздор өздөрүнүн жаңы илимий ачылыштары жана ойлоп табуучулук табылгалары менен өлкөбүздүн илимий жетишкендиктерине өз салымдарын кошо беришет деп ишенемин. Сиздерге чың ден-соолук, үй-бүлөлүк бакыт жана чыгармачылык ийгиликтерди каалаймын! Кыргыз Республикасынын Премьер-министри                                   Ж.Ж. Сатыбалдиев