07
Март
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Ж.К.Оторбаевдин 8-март Аялдардын эл аралык күнү менен куттуктоосу
Урматтуу айымдар жана кыз-келиндер!
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана жеке өзүмдүн атыман Сиздерди жаз майрамы болгон - 8-март Аялдардын эл аралык күнү менен чын жүрөктөн куттуктайм.
Жадырган жаз майрамы өзү менен кошо түгөнбөгөн жакшылыктарды жана турмуштук оптимизди ала жүрөт.
Миңдеген жылдар бою аялзатынын сулуулугу, акылдуулугу, таланты, ажардуулугу даңазаланып ырдалып келет. Анткени аялзаты - махабат жана сулуулук, энелик мээрим жана үйдүн куту болгон бүтүндөй дүйнө.
Бүгүнкү күнү мамлекеттеги жана коомдогу бир дагы чөйрөнү аялдарсыз элестетүүгө мүмкүн эмес. Аялдардын Кыргызстандын экономикасына, билим берүүсүнө, саламаттык сактоосуна, маданиятына, илимине кошкон салымдары чынында эле эбегейсиз. Алар өлкөбүздө жүргүзүлүп жаткан реформалардын да эң активдүү катышуучулары.
Согуштун азабын тартып жана өлкөнү калыбына келтирүү жылдары жан үрөп эмгектенген улуу муундагы ардагер энелерибизге таазим кылуу менен өзгөчө ыраазычылык билдирем.
Жыл сайын Кыргызстан аялдарынын коомдогу социалдык жигердүүлүгү өсүүдө, алардын коомдун саясий жашоосуна, мамлекеттик бийликтин жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын иштерине катышуусу артууда. Ошону менен бирге аялдар ар кандай мамлекеттик жооптуу кызматтарда демилгелүүлүктү, жаратмандык иш маанайын жана өздөрүнүн иштеринин жыйынтыгына карата жогорку жоопкерчилигин көрсөтүшүүдө.
Өз үй-бүлөсүнүн тагдырына, балдарынын келечегине, үй-бүлөлүк бакубаттыка болгон аялзатынын жоопкерчилигинин мааниси баа жеткис.
Урматтуу айымдар! Энелер, эже-карындаштар!
Баарыңыздарга ден соолук, бакыт-таалай, жадыраган маанай каалаймын!
Урматтоо менен, Кыргыз Республикасынын Ж.К.Оторбаев Премьер-министри