01
Январь
2015
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Ж.К. Оторбаевдин куттуктоосу
Урматтуу кыргызстандыктар!
Кыргыз Өкмөтүнүн жана өзүмдүн атымдан Сиздерди Жаңы жылыңыздар менен чын жүрөктөн куттуктайм! Ошентип, 2014-жыл – жылкы жылы да аяктап, тарыхка айланганы турат. Бул жыл чындыгында, өлкөбүз үчүн күжүрмөн эмгектин, алдыга чечкиндүү кадам жасоо жылы болду. Ошондой эле узатып жаткан жылыбыз күтүлбөгөн кыйынчылыктарга жана окуяларга толгон жыл болду. Быйыл биз бир катар кризистик көрүнүштөрдөн өттүк жана өтүп жатабыз. Атап айтсак, чек арабыздагы жана тоо кен казуу жерлериндеги чатактуу окуялар, жергебизде өкүм сүргөн кургакчылык, тоют-жемдин жетишпестиги, өлкөнүн энергия тутумундагы маселелер, биометрикалык долбоордун татаал башталышы, сомдун девальвациясы, өлкөнүн евразия экономикалык бирикмесине кирүү татаал процесси, региондогу экономикалык кризистин курчушу жана башка ушу сыяктуулар болду. Кризистердин бардыгын жеңе алдык десек туура болбойт. Өкмөт аткарууга жетишпей калган максаттар калды жана биздин ишибизде кемчиликтер да болду. Бирок бир топ көйгөйлүү маселелерди ийгиликтүү чече алдык. Жаңы жылда биз алдыбызга эң жогорку жана амбициялуу, бирок аткарууга мүмкүн болгон максаттарды койдук. Өлкөнү туруктуу өнүгүү жолуна салуу, өндүрүштү модернизациялап, жаңыча иштетүү, энергетикадагы маселелерди чечүү – биздин орчундуу милдеттерибиз. Экономиканын реалдуу секторунда узак мөөнөттүү ири долбоорлорду турмушка ашырууга багытталган тармактык программаларды иштеп чыктык.Урматтуу кыргызстандыктар!
Келе жаткан 2015-жыл – кой жылы – койдой тынч болот жана көп ийгиликтерди алып келет деп үмүттөнөбүз. Жаңы жыл элибиз үчүн токчулуктун, молчулуктун, ынтымактын жана тынчтыктын жылы болсун. Өлкөбүз жаңы ийгиликтерге жетип, өнүгүп-өсүү жолунда бекем туруп, гүлдөгөн өлкөлөрдүн катарына кошулсун! Урматтуу мекендештер, дагы бир жолу Жаңы жылыңыздар менен куттуктайм. Ар бир үй-бүлөгө бакыт консун, үйүңүздөр ырыскыга толсун, ишиңиздерде ийгилик болсун!