17

Октябрь

2014

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Жоомарт Оторбаевин Кыргыз Республикасынын Социалдык коргоо жана профсоюз кызматкерлеринин күнү менен куттуктоосу

Өкмөт башчынын куттуктоосунун тексти: «Урматтуу Кыргыз Республикасынын Социалдык коргоо жана профсоюз кызматкерлери!

Өкмөттүн атынан сиздерди кесиптик майрамыңыздар - Социалдык коргоо жана профсоюз кызматкерлеринин күнү менен куттуктайм!

Бул күн календарда – өзгөчө майрам, ал кесиптин ээлери ар-бир күнү башкалар үчүн жакшылык жасашат.

Сиздердин ишмердүүлүк өзүнө бир нече багыттарды камтыйт, бирок алардын бардыгы бир максатка – социалдык-коргоого муктаж болгон адамдар жөнүндө кам көрүүгө баш ийдирилген. Конкреттүү адамга жардам берүү аркылуу сиздер жалпы мамлекеттик милдетти аркалап, ар-бир жарандын социалдык кепилдиктерге, татыктуу пенсиялык камсыздоого жеткиликтүүлүгүн камсыздоодосуздар.

Сиздерге чоң жоопкерчилик жүктөлгөн, анткени дал ошол жарандардын социалдык жактан корголушунан адамдардын өлкөдөгү акыйкаттуулукка жана туруктуулукка карата ишеними көзкаранды эсептелет.

Калкты социалдык жактан коргоо – Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ишмердүүлүгүндөгү келечектүү багыттарынын бири болуп саналат. Өлкөдө биздин жарандардын жашоо сапатын жогорулатууга багытталган чаралар кабыл алынууда.

Кыргыз Республикасынын профсоюздары өз ишин татыктуу алып барууда, алардын башкы милдеттеринин бири – эмгекчилердин мыйзамдуу укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоодо турат. Социалдык шериктештикти өнүктүрүү, эмгек шартын жакшыртуу, эмгек мыйзамдуулугун сактоо, эмгекчилердин жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнүн эс алуусун уюштуруу жаатында көптөгөн иштер аткарылган.

Биргелешкен күч-аракет аркылуу гана биз өлкөнүн өнүгүүсүн жана ар-бир жарандын татыктуу жашоосун камсыздай аларыбызга ишеним билдирем.

Сиздердин эмгегиңиздер, жогорку кесипкөйлүк, өз ишиңиздерге берилгендигиңиздер жана адамдарга карата камкордугуңуздар үчүн ыраазычылык сөздөрдү кабыл алыңыздар.

Коомдун бакубаттуулугу үчүн жасап жаткан ишиңиздерге ийгиликтерди каалайм!

  Майрамыңыздар менен!   Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Ж.Оторбаев»