21
Февраль
2015
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Ж.К.Оторбаевдин Мекенди коргоочулардын күнү менен куттуктоосу
Урматтуу жоокерлер, сержанттар, офицерлер жана генералдар! Ардактуу ардагерлер жана кымбаттуу достор!
23-февралда Кыргызстандын эли Мекенди коргоочулардын күнүн белгилейт. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана жеке өзүмдүн атымдан сиздерди Мекенди коргоочулардын күнү менен чын жүрөктөн куттуктайм. Бул майрам өлкөнүн кайраттуу, күчтүү, чыныгы мекенчилдеринин майрамы катары саналат. Ал күн өз Мекенинин бакубаттуулугу үчүн кызмат өтөгөндөргө, аскердик вахтада тургандарга жана Кыргыз Республикасынын Куралдуу күчтөрүнүн катарын толуктоого умтулгандарга карата терең сый-урмат көрсөтүү катары белгиленген. Бул сый-урмат биздин мамлекетибизде тынчтыкты жана туруктуулукту күжүрмөн эмгеги жана аскердик эрдиги менен камсыз кылган өлкөнүн коргонуу жөндөмдүүлүгүн чыңдап жаткан бардык адамдарга арналат. Биз бардыгыбыз билгендей, армиябыз канчалык күчтүү болсо, сүйүктүү өлкөбүздөгү орун алган тынчтык ошончолук бекем жана туруктуу болот. Өлкөбүздүн жетекчилигинин аракети менен бүгүнкү күндө Кыргыз Республикасынын Куралдуу күчтөрүн реформалоо боюнча масштабдуу чаралар көрүлүп жатат. Алар биринчи кезекте мамлекеттин эгемендигин, өлкөбүздүн аймактык бүтүндүгүн жана конституциялык түзүлүшүн коргоого багытталган. Мен бардык аскер кызматчыларын, согуштун жана Куралдуу күчтөрдүн ардагерлерин, алардын жубайларын, ата-энелерин жана өсүп келе жаткан муунду Мекенди коргоочулардын күнү менен куттуктайм. Сиздерге жана үй-бүлөңүздөргө тынчтыкты жана жакшылыкты, чың ден соолукту, ийгиликтерди, келечекке карай ишенимди жана алга карай умтулууну каалайм. Урматтоо менен, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Ж.К.Оторбаев