01
Октябрь
Премьер-министр Джоомарт Оторбаевдин Карылардын эл аралык күнү менен куттуктоосу
КР Өкмөт башчысынын куттуктоосунун тексти:
"Урматтуу пенсионерлер, согуштун жана эмгектин ардагерлери!
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан жана жеке өзүмдүн атымдан Сиздердин Улгайган адамдардын эл аралык күнү менен чын ыкласымдан куттуктайм!
Бул күн дагы бир жолу сиздерге жылуу сөз айтып, терең ыраазычылык билдиргенге мүмкүнчүлүк түзүп жатат.
Баарыңыздарга тынч карылыкты каалайм, ошондой эле Сиздерге майрам күндөрү гана эмес, күн сайын бакубат жашоого ишеним берүү – бул биздин өтө ыйык жана бийик милдетибиз!
“Кыргыз Республикасынын Улгайган адамдары тууралуу” мыйзамды ишке ашыруу максатында Өкмөт тарабынан ардагерлерибизге бейпил жашоо, бардар турмушту камсыз кылууга бир катар иш чараларды кабыл алынды.
Өкмөт тарабынан улгайган адамдарга үйүндө социалдык кызмат көргөзүү жана стационардык шартта минималдык социалдык стандарттарды аныктоо боюнча – Жобо бекитилди.
Ошондой эле, , пенсиянын өлчөмүн жашоо минимумдун деңгээлине жеткирүү - Өкмөттүн негизги милдеттеринин бири болуп эсептелет. Мисалы, 2013-жылы пенсиянын орточо өлчөмү 4526 сомду түздү, ал эми жашоо минимумдун өлчөмүнөн жогору пенсия алгандардын саны 2013-жылы 50 пайыздан жогору болду.
Бул көрсөткүчтөрдү мындан ары дагы жогорулатуу жагдайында Өкмөт тынымсыз иш алып барууда!
Урматтуу мекендештер!
Жыл сайын сентябрь айынын 15нен октябрь айынын 15не чейин “Жашы улгайган адамдарга көңүл бөлүп, камкордук көрүү” бир айлыгы өтүп турат.
Бул багытта биздин ардагерлерге материалдык жардамдар берилип, бардык социалдык мекемелерде тийиштүү иш-чаралар өткөрүлүп турулат.
Учурдан пайдаланып бардык кыргызстандыктарды жашы улгайган адамдарга, ардагерлерге жардам берип жанында болуп, толук камкордукка алууга чакырат элем!
Урматтуу ардагерлер!
Сиздер, биздин балдарга неберелерге жакшылыкка терең үмүт берип, көп жылдык турмуш тажрыйбаңар менен оор мезгилдерге баарыбызга тирек болдуңуздар!
Урматтуу ардагерлер, сиздер – өлкөбүздүн өнүгүшүнө кошкон зор салымыңар үчүн терең ыраазычылык билдирем! Сиздерге ден соолук каалоо менен бирге ар дайым катарыбыздын алдыңкы сабында бирге болушуңуздарды каалайм! Сиздерди дайыма кубаныч коштоп жүрсүн
Майрамыңыздар менен! Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Ж.Оторбаев"