17

Ноябрь

2014

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Жоомарт Оторбаевдин Кыргыз киносунун күнү менен куттуктоосу

Куттуктоонун тексти:

«Урматтуу кинематография кызматкерлери,

Сиздерди чын жүрөктөн кесиптик майрамыңыздар - Кыргыз киносунун күнү менен куттуктайм!

Жылдан-жылга бул майрам кино тармагынын чеберлери жана жаңыдан киноискусство босогосун аттаган кызматкерлер тарабынан гана эмес, миңдеген күйөрмандар тарабынан да майрамдалып келет.

Бүгүнкү күндө биздин улуттук кинематографиябыз тасмаларды өндүрүүнүн жогорку көрсөткүчүнө ээ болууда. Бүгүнкү күндүн маанилүү социалдык жана рухий темаларын чагылдырган, биздин элдин салт-санаасын сактоого көмөк көрсөткөн, адамдын ички жан дүйнөсүн чагылдырган ар-кыл жанрдагы жана багыттагы тасмалар жаралууда.

Бир жылдын ичинде биздин кинематографисттердин көптөгөн тасмалары чет элдик көрүүчүлөргө сунушталып, эл аралык кинофестивалдардын катышуучусу болгон. Аталган мезгилде 14 тасманын жаратуучусу эл аралык кинофестивалдардын лауреаты наамына татыктуу болгон жана аны менен катар биздин өлкөнүн аброюнун көтөрүлүшүнө өз салымын кошкон. Кинематография аркылуу дүйнө жүзү биздин өлкө, анын тарыхы, салты, маданияты жана адамдары тууралуу жакындан билишет.

Мамлекеттик буйрутма аркылуу Т.Океев атындагы “Кыргызфильм” Улуттук киностудиясы тарабынан жаралган “Курманжан Датка” толук метраждуу көркөм тасмасы зор ийгиликке ээ болуп жаткандыгын белгилей кетүү керек. Белгилүү мамлекеттик ишмер Курманжан Датканын жашоосу, баскан изи тууралуу баяндаган тасма аркылуу кыргыз элинин тарыхы, салт-санаасы ачылган.

Ушул күнү өз кесиптик майрамын мамлекеттик кинотармактын кызматкерлери да белгилешет. Киноискусство чыгармаларын республиканын алыскы аймактарына дейре жеткирүү менен кино тармагы калктын социалдык-рухий жактан өнүгүшү үчүн маанилүү милдетти аткарууда. Кинотейлөө жаатына жылдан-жалга карай заманбап билимге жана киномаркетинг ыкмаларына ээ жаш муун өкүлдөрү тартылууда.

Кыргыз кинематографынын акыркы жылдардагы жетишкен ийгиликтери кубантпай койбойт. Бирок ал ийгиликтер – акыркы чек болбостон, жаңы бийиктиктерди багынтуудагы тоскоолдуктарды басып өтүү үчүн кыргыз киночуларына дем бериши керек.

Кыргыз киносун кең келечек, сыймык жана жаңы чыгармалардын жаралышы күтүүдө!

Сиздерди дагы бир ирет майрамыңыздар менен куттуктайм!

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Жоомарт Оторбаев»