27

Май

2015

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Темир Сариевдин Китепканачылар күнү менен куттуктоосу

Урматтуу китепкана кызматкерлери!

Бүгүн Кыргызстандын бардык китепканачылар жамааты өздөрүнүн кесиптик майрамын – Китепканалар күнүн белгилеп жатышат. Биздин мамлекетибиз жана коомубуз өлкөбүздө китепкана ишин өнүктүрүүгө тийиштүү көңүл буруп жатат деп билдирсек болот.

Китепкана кызматкерлери, Сиздер китепкананын алтын фондундагы дүйнөлүк жана улуттук маанидеги миллиондогон китеп эстеликтерин сактап келүүдө жана аларды миңдеген окурмандарга жеткирүүдө зор эмгек кылып келесиздер.

Бүгүнкү күндө китепкана – бул биздин ата-бабаларыбыз кылымдар бою жыйнап-терген илим, билимдин ачкычы. Ошондуктан китепканалар коомдогу прогресстин алга жылдыруучулары деп айтсак аша чапкандык болбос. Кыргыз Республикасынын Президенти Улуттук экономиканы чыңдоо жылы деп жарыялаган 2015-жыл китепканалардын алдына өндүрүштүк чөйрөнү, бизнес - структураларды, агро-өнөр жай комплексин тийиштүү маалымат менен камсыздоо милдетин коюп жатат. Кыргызстандын социалдык-экономикалык тармагын реформалоо шартында китепкана ишин өнүктүрүүнүн максаттары жана милдеттери өлкөбүздө болуп жаткан өзгөрүүлөргө ылайык келет.

Өлкөнүн экономикасында болуп жаткан өзгөрүүлөр экономикалык ой-жүгүртүүлөрдүн өнүгүшүнө шарт түздү, экономикалык адабияттардын атамекендик рыногу орчундуу кеңейди, жаңы багыттардагы информацияга болгон суроо-талап өстү, экономикалык адабияттарды пайдалануучулардын саны да көбөйдү. Бүгүнкү шартта экономикалык билими бар адамдарга да чарба жүргүзүүнүн жаңы шарттарына ыңгайлашуу зарыл болуп жатат. Бул иште китепканалар окурмандардын ушундай категорияларына колдон келишинче баардык шарттарды түзүүгө аракеттенип жатышат: экономикалык адабияттардын фондун жыйнакташтырып, экономикалык маселелер боюнча электрондук китепканаларды уюштурушуп, Экономика жана бизнес борборун түзүшүп, Информация күндөрүн жана илимий-экономикалык адабияттардын көргөзмөлөрүн уюштуруу менен маалыматтык ишти жүргүзүшүп, калкыбызды оперативдүү маалыматтар менен камсыздап жатышат.

Урматтуу китепканачылар!

Сиздер аткарып жаткан миссия – абдан маанилүү. Анын агартуучулук мааниси коомдун ыймандык негизин бекемдеп, анын руханий мүмкүндүгн баш коштуруп чыңдап, билимдин жана маданияттын эстафетасын бүгүнкү күндөгү жана келечек муундарга өткөрүп берүүдө турат. Сиздердин эмгегиңиздердин натыйжасында адамзаттын асыл-ойлору жана ачылыштары коомубузга жеткирилип келе жатат.

Сиздердин бийик кесипкөйлүгүңүздөр жана өз ишиңерге берилгендигиңер алдыга коюлган милдетти ийгиликтүү аткарууга өбөлгө болуп жатат. Сиздердин ишиңер урмат-сыйга татыктуу иш. Сиздер өз эмгегиңиздер менен Кыргызстандын өсүп-өнүгүүсүнө чоң салым кошуп жатасыздар.

Сиздерге чың ден соолук каалайм! Чарчоо деген эмне экенин билбестен чыгармачылык изденүүнү улантып, дагы да көптөгөн ийгиликтерди жарата бериңиздер!

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри                                                  Т.Сариев