01
Ноябрь
2013
Улуттун духу маданияттын деңгээли менен өлчөнөт. Анын сыңарындай – Маданият бул улуттун руханий күзгүсү. Маданият дайыма жаңы көз караштарды, креативдүү ойлорду, жан дүйнөнүн эркиндигин талап кылат. Ошону менен бирге, кылымдарды карытып, ата-бабаларыбыздан калган улуу дөөлөттөрдү үйрөнүү, өздөштүрүү, жайылтуу дал Сиздердин аракетиңиздер менен жүрүп жаткандыгы жалпыбызга маалым.
Кандай гана кыйын кырдаал болбосун, өлкөбүздөгү маданият кызматкерлеринин өсүп келе жаткан жаш муундун өкүлдөрүн улуттук духта, мекенчилдик таризде тарбиялоодо, бай мурастарды дүйнө элдери менен тааныштырууда жасап жаткан алгылыктуу эмгеги өзгөчө баалоого татыктуу. Республикабыздын маданият тармагындагы жетишкендиктер, өсүштөр, реформалар Сиздердин талыкпаган аракетиңиздердин аркасында турмушка ашып жаткандыгын өзгөчө белгилей кетким келет.
Урматтуу маданият кызматкерлери!
Сиздерге Маданият кызматкерлеринин кесиптик күнү менен чын дилимден куттуктоо айтып, чың ден соолук, бакубат турмуш каалайм. Чыгармачылык эргүү менен элибиздин жаркын келечеги үчүн талыкпастан эмгектене беришиңиздерге тилектешмин. Премьер-министр Ж.Ж. Сатыбалдиев