21

Март

2013

Урматтуу мекендештер!

Сиздерди жаратылыштын жаңылануусун жар салган Чыгыш элинин жаңы жылы болгон Нооруз майрамы менен ак дилимден куттуктайм! Нооруз адамзатка жаңылануу жана жакшылык тартуулаган майрам.  Нооруз - кылымдардан бери сакталып келе жаткан бүткүл элдик майрам. Биздин күндөрдө болсо Нооруз мамлекеттик майрам катары белгиленет. Улустун улуу Күнү деп аталган бул байыркы майрам биздин ата-бабаларыбыздан калган көөнөргүс руханий мурас катары бизге дайыма алардын акылман осуяттарын, адамгерчилик жана айкөлдүк, боорукердик жана жоомарттык сыяктуу жалпы адамзаттык жана түбөлүктүү баалуулуктарды эсибизге салып турат. Нооруз – күн менен түн теңелген учурга туш келет. Ошондуктан, мурунку доорлордо ата-бабаларыбыз бул майрамды жаңы жыл катары майрамдашкан. Ноорузда үйлөрүн ысырыкташып, бул алардын үйлөрүнө жакшылык, токчулук, молчулук алып келет деп ишенишкен. Нооруз өзү менен кошо адамдарга жаңы үмүт-тилектерди дагы ала келет. Бул күнү адамдар эски таарынычтарын унутушуп, жаңы жакшылыктар жөнүндө тилек кылышып, короо-жайларын, арыктарды тазалашып, аруу тилектер менен жаңы көчөттөрдү отургузушат.

Урматтуу Кыргызстандыктар!

Өкмөттүн жана жеке өзүмдүн атымданСиздерди чын дилимден Нооруз майрамы менен куттуктаймын! Сиздерге чың ден-соолук, бакыт жана жаркын маанай каалаймын! Жаркын ой-тилектериңиздер баары орундалсын! Ар бир үй-бүлөдө жана жалпы эле өлкөбүздө тынчтык жана бейпилдик, токчулук жана молчулук болсун!