15
Ноябрь
Урматтуу айыл-чарба тармагынын кызматкерлери!
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан жана жеке өзүмдүн атымдан сиздерди айыл чарба, тамак-аш жана кайра иштетүү өнөр-жай кызматкерлерин кесиптик майрамы менен чын ниетимден куттуктайм!
Кыргызстандыктардын теңинен көбү айыл жеринде жашап, дыйканчылык жана мал-чарбачылыгы менен кесиптенет. Иш жүзүндө айыл чарбасы өлкөнүн ички дүң продукциясынын өсүшүнө чоң чалым кошкон, жүз миңдеген фермерлерге жана алардын үй-бүлөлөрүн жумуш орду менен камсыз кылган, кыргыз экономикасынын түзүүчү элементи.
Айыл чарбасына жана дыйкандар тарабынан кайра иштетилген продукцияга бийлик тарабынан көп жылдар бою тийиштүү көңүл бурулган эмес. Дыйкандар өз жашоосу менен, бийлик өз жашоосу менен күн кечирип келген. Анткен менен, акыркы убактарда кырдаал өзгөрүлө баштады. Мамлекет дыйкандардын, фермерлердин жана кайра иштетүүчүлөрдүн муктаждыктарына көңүл бура баштады.
Белгилей кетсем, Кыргыз Өкмөтү жеңилдетилген насыялар, айыл чарба техникасын лизингге берүүнү өнүктүрүү, айыл жеринде продукцияны кайра иштетүү ишканаларын колдоо, ирригация тармагын жандандыруу долбоорлорун ишке ашырып, ар бир райондо унаа-трактор станцияларын түзүп, айыл чарбасынын өзүн жана тамак-аш, кайра иштетүү өнөр жайын жандандырат. Акыркы 9 айдын жыйынтыгы боюнча, фермерлерге 3 млрд. 150 млн. сом жеңилдетилген насыя берүү менен айыл чарбасы 4,2 % га өстү.
Урматтуу айыл-чарба тармагынын кызматкерлери!
Баардык адамдар дыйкандын эмгегин жогору баалайт. Себеби, бүгүн адамдын күнүмдүк тамак ашын нансыз, сүтсүз, этсиз элестетүү мүмкүн эмес да. Бул тамак-аштын баары - Сиздердин маңдай териңиздердин жыйынтыгы. Сиздердин аракетиңиздерсиз мунун баары ишке ашпайт эле.
Ушул күнү Сиздерге эн биринчи ден – соолук, тынчтык жана биримдик, бакыт жана ийгилик, ошондой эле, ачык асман, бай түшүм алууга шериктеш болгон ыңгайлуу аба-ырайын каалар элем.
Кыргыз Республикасынын
Премьер-министри Ж.Сатыбалдиев