05
Май
2012
Урматтуу мекендештер!
Сиздерди Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан, өлкөбүздүн тарыхый маанилүү күнү болгон, Конституция Күнү менен чын дилимден куттуктайм!
Эгемендиктин алгачкы жылдарында, эгемендүү, демократиялык, укуктук, мамлекеттик башкарууга дин аралашпаган, унитардык, социалдык мамлекеттин пайдубалын түптөгөн Кыргыз Республикасынын Конституциясы 1993-жылдын 5-май күнү кабыл алынган. Кыргызстан эли өз укугун коргоп, мекендештерибиз окко учкан кайгылуу окуяларды баштарынан өткөрүп, өздөрүнүн бекем эрки менен элдик бийликти сактап калды. 2010-жылдын 27-июнунда Кыргызстан эли, өлкө туруктуу демократиялык багытта өнүгүшү үчүн саясий системаны толук алмаштырган, жарандардын укуктарын жогору баалаган, социалдык жоопкерчиликке багытталган жаңы Конституцияны тандап алышты. Бул Конституция – көз карандысыз бийлик бутактарынын түзүлүшүнө жол ачты.Урматтуу мекендештер!
Ушул тарыхый күнү биздин мамлекеттүүлүктүн түзүлүшүнө салым кошкондорго жана элибиздин эркиндиги үчүн өмүрүн бергендерге таазим кылабыз! Конституцияны сыйлап, мыйзам менен жашоо, ар бир атуулдун милдети. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бүгүн элибиздин биримдиги менен эркиндиги сакталган, жарандардын укуктары корголгон демократиялык жана күчтүү экономикалык мамлекет курууга чечкиндүү кадам таштады. Биз биримдикте гана саясий туруктуу, экономикасы өнүккөн, эли ынтымакта жана тынчтыкта жашаган бакубат мамлекетти курабыз! Барыңыздарга бекем ден-соолук, үй-бүлөлүк бакыт, ишиңиздерге ийгилик, ал эми мекенибизге – тынчтык жана өнүгүү каалайм!