07
Март
2012
Кымбаттуу Кыргызстандын аялдары!
Биздин сүйүктүү чоң энелер, энелер, эжелер жана карындаштар! Мээримдүү айымдар!
Сиздерди Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан Аялдардын Эл аралык күнү – жан-дүйнөнүн мээрими жана жылуулугунун, жазында жаратылыш ойгонуп, жаркын Күн нурун чачкан майрамы менен чын дилимден куттуктаймын.
Сиздердин назик мамилеңер, акыл-кеңешиңер, турмуштун ысык-суугуна чыдамдуу болуп, жөлөк-тирек болгонуңуздарга алкыш айтып, таазим кылабыз. Бизге балкыган бакытты, жан-дүйнөбүзгө сулуулукту жана аруулукту тартуулаганыңар, дайыма биз менен бирге болуп, кубансак кошо кубанып, кайгырсак кошо кайгырганыңар үчүн миң ирет ыраазыбыз.
«Элдин ыйманы аялга карата мамилесинен көрүнөт” деген накыл кеп бар эмеспи.
Кымбаттуу айымдар!
Сиздер дайыма алдыбызда турган милдеттерди чечүүдө ишенимдүү тирегибиз болуп келгенсиңер. Республикабыздын келечеги, элибиздин бакубат жашоосу көбүнчө силердин жигердүү позицияңардан көз каранды экендиги айкын.
Ушул жаркын майрам күнү бардык тилегиңер орундалышын каалайм. Турмушуңарда кайгы-кападан оолак болуп, үйүңөргө береке толсун.
Мезгил силерге кубанычты, ийгиликти, үмүттү, үй-бүлөңөргө тынчтыкты, ырыскыны тартууласын.
Кыргыз Республикасынын
Премьер-министри Ө. Бабанов