22
Февраль
2012
Урматтуу мекендештер!
Кыргызстандын Өкмөтүнүн атынан сиздерди Ата Мекенди Коргоочулардын күнү менен чын дилимден куттуктаймын! 23-февраль – баарыбыз үчүн өзгөчө күн. Бул күнү биз калыптанып калган салтты улап, Ата Мекенди Коргоочуларды - каарман, эр жүрөк, Мекенин, үй-бүлөсүн, жакындарын сүйө билген жана жан-дили менен коргогон эр азаматтарды куттуктап, даңазалайбыз. Илгертен эле элибиз эр жигиттерге катуу талап коюп келген. Алар үй-бүлөнүн ишенген тиреги, эң кыйын сыноолордо майтарылбас кайраттуулуктун, каармандыктын гана үлгүсү болбостон, адамдарга сый мамилеси, ыймандуулугу менен да үлгү көрсөтүүгө тийиш эле. Ар бир эркек элибиздин ушул жөнөкөй, бирок терең маанилүү салттарын эске тутуп, аларга жараша иш кылууга милдеттүү. Үйүндө ынтымак, ырыскы өкүм сүргөн, чындык жана калыстык үчүн күрөшкөн, элине талыкпай эмгек кылган адам гана Ата Мекендин чыныгы коргоочусу боло алат. Үй-бүлө, тынчтык, ынтымак жана кечиримдүүлүк жылында, биринчи кезекте, эр жигиттер ынтымакка жетүүнүн, айкөлдүктүн үлгүсүн көрсөтүп, үй-бүлөдө дагы, коомдук турмушта дагы алдыңкы катарда болуусу керек. Ушул майрам күнү Ата Мекенди Коргоочулардын бардыгына чың ден соолук, ийгилик, тынчтык жана бакубат турмуш каалаймын! Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Ө.Бабанов