08
Май
Урматтуу ардагерлер - Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучулары жана оорук эмгекчилери! Урматтуу мекендештер!
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан сиздерди Улуу Жеңиштин 67-жылдыгы менен чын жүрөктөн куттуктайм! Улуу Жеңиш күнү – бүткүл адамзаттын тагдырын чечкен ыйык күн болуп саналат. Боордош элдер менен биргеликте күрөшкө чыккан Кыргызстан элинин Улуу Жеңишке кошкон салымы зор. Жүз миңдеген жердештерибиз эркиндик жана көз карандысыздык үчүн фашисттик баскынчыларга каршы согушта баатырларча курман болушкан. Алардын ысымдары Улуу Ата Мекендик согуштун тарыхында алтын тамгалар менен жазылып калды. Биз, кыргызстандыктар, боштондук үчүн күрөшкөн жоокерлерибиз менен ар дайым сыймыктанабыз. Ата Мекен үчүн жанын аябаган жоокерлерибизге башыбызды ийип таазим кылабыз! Жеңишке жетишкен баатырларыбызга түбөлүк даңк!Урматтуу ардагерлер - Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучулары жана оорук эмгекчилери! Урматтуу чоң ата, чоң энелер, ата-энелер, агалар жана эжелер!
Сиздердин чачыңыздарды бубак басып, жыл өткөн сайын катарыңар азайып бараткандыгы жүрөк сыздатат. Анткен менен качан болсо да маңдайыбызда болуп, жаш муундарды Ата Мекенге ак кызмат кылууга жана кайраттуулукка, Мекенди сүйүүгө тарбиялоодо үлгү болуп келесиздер. Биз Улуу Жеңишке жетишкен баатырларыбыздын алдындагы ыйык парзыбызды эске алып, жоопкерчилигибизди сезүү менен аларга камкордук көрүүгө бардык күч-аракетибизди жумшайбыз. Ардагерлерибиз менен оорук эмгекчилерине татыктуу жашоо-шарт түзүп берүү – биздин милдетибиз.
Ушул жалпы улуттук майрам күнү бардыгыбызда Улуу Жеңиштин сыймыктуу сезими болсун! Урматтуу ардагерлер, сиздерге чың ден-соолук, сергектик жана ийгилик каалайм!
Ар бириңиздер ыйык сезимиңиздер менен эркиндик үчүн күрөшүп, бактылуу жашоого мүмкүнчүлүк алып бергендигиңиздер үчүн ыраазыбыз!
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Ө.Бабанов